Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:14

Араванда депутат мыйзамсыз кумаркана уюштурууга айыпталып кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Араван районунда айылдык кеңештин депутаты мыйзамсыз кумаркана уюштурганы аныкталганын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, Аравандагы Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин депутаты Х.Ш. жана анын ишенимдүү адамы С.Ш. аталган райондогу Жар-Кыштак айылында тиешелүү лицензиясы жок, көмүскө кумар ойноочу жай уюштурганы тууралуу маалымат түшкөн. Кумаркана жайгашкан дарек боюнча жүргүзүлгөн тинтүү учурунда интернет-казинолорго кирүү үчүн колдонулган 11 компьютер, 400 миң сом өлчөмүндөгү акча жана кумар оюндарын уюштурууга пайдаланылган башка буюмдар табылган.

Топтолгон материалдардын негизинде Х.Ш. жана С.Ш. Кылмыш-жаза кодексинин 219-беренеси ("Кумар оюндарын мыйзамсыз уюштуруу") боюнча айыпталып, кармалышкан.

Ош шаардык сотунун 19-марттагы чечими менен УКМКнын тергөө абагына камакка алынышты.

Кыргызстанда казино ишмердигине 2012-жылдын башында салынган тыюу 2022-жылы алынган. Кумарканага уруксат берген мыйзамга президент Садыр Жапаров ошол жылы 30-июнда кол койгон. Парламентте мыйзам талаш-тартыш менен кабыл алынган.

Ага ылайык, кыргыз жарандары жана 21 жашка чейинки чет элдик жарандар казинолорго киргизилбейт. Өкмөт кумар оюндарынан казынага 2 млрд сомго жакын акча түшөрүн билдирген. Бишкек, Ош шаарларында казино иштетүүгө уруксат берген мыйзамды кабыл албоого чакырган митингдер өткөн.

2024-жылы күзүндө мамлекеттик же жарым-жартылай мамлекеттик менчикте болгон мейманканалардын, пансионаттардын, эс алуучу жана башка жайлардын аймагында кумаркана ачууга уруксат берилген.
Министрлер кабинети оюн-зоок жайларын мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган имараттарда жана курулмаларда жайгаштырууга уруксат берүү туристтердин агымын көбөйтүүгө гана эмес, ички жана эл аралык рыноктордо алардын атаандаштыкка жөндөмүн жогорулатууга да мүмкүндүк берет деп белгилеген. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG