28-мартка чейинки аралыкта Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу жолдорунда, ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
25-мартта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз жалпы өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт.
Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден, күндүз Чүй облусунун чыгыш тарабында 15-20 метрге жетет. Ысык-Көл облусунда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22
Талас өрөөнүндө түнкүсун 0…5, күндүз 15…20
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 12…17
Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 7…12
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден, күндүз 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6°, күндүз 20…22° жылуу болот.
Шерине