Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:49

Кыргызстандын калкынын саны 7,4 миллиондон ашты

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2026-жылдын 1-февралына карата Кыргызстандагы туруктуу жашаган калктын саны 7 млн 413 миң 500 адамды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет маалымдады.

Маалыматка ылайык, 1-февралга карата Бишкектеги элдин саны 1 млн 360,6 миң адамга жетти. Ош шаарында - 485,7 миң адам.

Ош облусунда 1 млн 440,3 миң адам болсо, Жалал-Абад облусунда 1 млн 381,8 миң адам, Чүй облусунда 983,7 миң адам, Баткен облусунда 605,3 миң, Ысык-Көл облусунда 554,3 миң жана Нарын облусунда 316,2 миң адам бар. Эң аз эл - 282,9 миң адам Талас облусунда жашайт.

Президенттин иш башкармалыгына караштуу "Кызмат" мекемесинин маалыматына караганда, 2026-жылы январь айында 10,9 миң ымыркай катталган, ошол эле учурда 2,7 миң киши кайтыш болгон.

Натыйжада калктын табигый өсүүсү 8,2 миң адамды түздү.

Статкомдун маалымдашынча, 1-февралга карата орточо эмгек акы 45 797 сомду түздү. Эң төмөнкү пенсия 7500 сом.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG