Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:08

Апрель окуясында жабыркагандар президент Жапаровго кайрылды

Апрель ыңкылабынын катышуучулары жана ушул окуяда каза болгондордун жакындары. 23-май, 2023-жыл.
Апрель ыңкылабынын катышуучулары жана ушул окуяда каза болгондордун жакындары. 23-май, 2023-жыл.

Апрель окуясынын катышууучулары жана анда жакындарын жоготкон адамдар президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, 7-апрелди чогуу белгилөөнү сунушташты. Бул тууралуу "Азаттыкка" Апрель элдик революциясынын уюмдарынын ассоциациясынын төрайымы Нурия Айдабосунова маалымдады.

"Өлкөбүздө сиз жетектеген 5 жыл ичинде орчундуу өзгөрүүлөр болуп жатат. Бул жаңылануулар бизди - жүрөгү жараланган энелерди, жесирлерди, жетим балдарды, жаракат алган жарандарды абдан кубандырат, анткени, дал ушул өзгөрүүлөр үчүн 2010-жылы биздин жигиттер башын сайып, күрөшкө чыгышкан", - деп жазылган кайрылууда.

"Апрелчилер" кайрылуусунда мамлекет башчы Садыр Жапаровдон учурда камакта жаткан Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун, Кадыр Атамбаевдин жана Эрмек Эгембердиевдин бөгөт чарасын өзгөртүп, бошотуусун да өтүнүшкөн.

2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккандарга ок атылып, 80ден ашуун киши набыт болуп, миңден ашуун адам жараат алган.

Курманбек Бакиев үй-бүлөсү, жакындары менен чет мамлекетке качып, Беларустан башпаанек тапкан.

2010-жылдагы кандуу Апрель окуясы боюнча баш-аягы 30га жакын кишиге кылмыш иши козголгон. Анын ичинен далилдер жетишсиз деген негизде Мамлекеттик күзөт кызматынын 14 кызматкери акталган.

Мурдагы президент Курманбек Бакиев 30 жылга, уулу Максим Бакиев, иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын ошондогу жетекчиси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сырттан өмүр бою эркинен ажыратылган. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев сыртынан 30 жылга соттолгон.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG