Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:37

Кыргызстан улуттук валюта сомду өзү басып чыгара баштады

Кыргызстандын акчасы. 20 сомдук купюра.
Кыргызстандын акчасы. 20 сомдук купюра.

Кыргызстан улуттук валюта сомду өзү басып чыгара баштаганын 27-мартта президент Садыр Жапаров Фейсбук баракчасына жазып, бул күндү "тарыхый күн" деп атады.

"Өлкөбүздүн тарыхында алгачкы жолу улуттук валютабыз сомду өзүбүз басып чыгара баштадык. Буга чейин чет өлкөлөргө буйрутма берип, акча төлөп бастырып келген элек. Эми, тескерисинче, башка мамлекеттердин акчасын дагы буйрутма менен биз басып берүү деңгээлине чыктык. Акча чыгарууда талап кылынган шарттарды тастыктаган эл аралык тийиштүү сертификатыбыз да бар", - деп жазды мамлекет башчы.

Жапаров Кыргызстан башка өлкөлөр үчүн валюта менен катар ар кандай мамлекеттик документтерди да басып берүүгө даяр экенин жана учурда бир нече өлкөдөн буюртма алып жатканын белгиледи. Президент документтердин коргоо элементтери жогорку деңгээлде болорун, аны жасалмалоо мүмкүн эмес экенин кошумчалады.

Жарандардын улуттук паспорту 2023-жылдан тартып Кыргызстанда басыла баштаган. Бул үчүн “Учкун” мамлекеттик басмаканасына заманбап жабдуу сатылып алынганы айтылган. Маалыматка караганда, Кыргызстан буга чейин жыл сайын чет өлкөдөн орточо 1,5 миллионго чейин ID карт жана жалпы жарандык паспортторду буюртма кылып келишкен. Бул өлкөдө басылып чыккан баадан үч эсе кымбат жасалганы белгиленген.

Мындан сырткары “Учкун” мамлекеттик басмаканасы айдоочулук күбөлүк, унаанын техпаспорту ж.б документтерди чыгарып жатат. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG