Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:34

Жапаров жана Путин кыргыз-орус кызматташтыгын талкуулашты

Садыр Жапаров менен Владимир Путин. Коллаж сүрөт.
Садыр Жапаров менен Владимир Путин. Коллаж сүрөт.

Президент Садыр Жапаров жана Орусиянын башчысы Владимир Путин 27-мартта телефон аркылуу сүйлөшүп, кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, эл аралык күн тартибиндеги айрым темаларды талкуулашты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта "эки өлкө ортосундагы саясий диалогдун жогорку деңгээли белгиленип, эки жактуу мамилелерди союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк духунда мындан аркы чыңдоого берилгендик ырасталганы" айтылды.

Ошондой эле соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөр боюнча пикир алмашуу болгону маалымдалды.

Маалыматта мигранттардын, жүктөрү Орусияга жетпей жаткан ишкер, тигүүчүлөрдүн маселеси козголгонбу, жокпу айтылган эмес.

Ушул күндөрү Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев баш болгон депутаттык делегация Орусияда жүрөт. Ал 26-мартта Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушуп, саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык маселелер, парламенттер аралык кызматташууну өнүктүрүүнүн келечегин талкуулаган.

Маматалиев энергетика, транспорт, өнөр жай жана айыл чарба тармактарындагы кызматташтыкты тереңдетүү зарылдыгын белгилеп, коопсуз, мыйзамдуу жана тартипке салынган миграцияны камсыз кылуу маселесин көтөргөн. Ошондой эле мектепке кабыл алуудагы тестирлөөдөн кыргызстандык окуучуларды бошотууну жана өлкөдө жүрүү мөөнөтүн узартууну жөнөкөйлөтүүнү сунуштаган. Муну менен катар ЕАЭБ алкагындагы жеңилдиктерди сактоо, айрыкча жүк ташуучуларга тоскоолдуктарды жоюу маселесин айткан. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG