Орусиянын Усть-Луга шаарчасындагы жапырт мушташтын катышуучулары кармалды, арасында Казакстандын жарандары да бар. Алардын бир тобу 10 күнгө камалып, төртөө сурак берип жатканы кабарланды.
Казакстандын Санкт-Петербургдагы башкы консулдугу 28-мартта дипломаттар тополоңго катышкан казак жарандары менен жолугушканын маалымдады. Окуядан кийин ар кайсы мамлекеттен барган 30дан ашуун киши кармалган, көпчүлүгү кийинчерээк бошотулган.
Дипломатиялык миссиянын өкүлдөрү мушташта жабыркагандардын арасында казак жарандары жок экенин, азыр баарына консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүп жатканын билдиришти. Учурда шаарчада кырдаал туруктуу, тергөө иштери уланып жатат.
Усть-Лугада жаңжал 26-мартта болгон. Жүздөгөн жумушчулардын чатагы жапырт тополоңго чейин жеткен. Окуяга турмуштук маселе себеп болгону айтылды.
Усть-Луга порту Ленинград облусунда орун алган. Орусиянын мунай экспорттоодогу маанилүү түйүнү болуп саналат. Анын терминалдары аркылуу чийки мунай, күйүүчү май, көмүр, минералдык жер жемирткич, суюлтулган газ жүктөлөт.
Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында эмгек жана жашоо шартка байланыштуу мындай курулуштарда жаңжал чыкканы тууралуу бир нече жолу жазылган.
Усть-Луга 29-мартка оогон түнү кайрадан Украинанын дрон чабуулуна кабылган, портто катуу өрт чыгып, зыян келтирилгени кабарланган.
Шерине