Сөз эркиндигин сактоо маселесин Жогорку Кеңеште бүгүн 1-апрелде депутат Гүлшаркан Култаева көтөрдү. Ал маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаевге кайрылып, бийлик сөз эркиндигин камсыздашы керек экенин, ошол эле учурда жарандарга коркунуч алып келбеген, туура, так маалыматтар менен камсыздашы зарылдыгын айтты.
Депутат "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзамдын 5-беренеси боюнча иштөөдө социалдык тармактарда, жалпыга маалымдоо каражаттарында коомчулукка зыян келтирген посттор, маалыматтар жарыяланган учурда кандай чара көрүлөрүн сурады.
Марат Тагаев бул берене 1995-жылдан бери иштеп келе жатканын, анын талаптары бузулган учурда эки жолу эскертүү берилерин, үчүнчү жолу чара көрүлөрүн билдирди.
Депутат соцтармактарга көзөмөл керектигин айтып, бирок ошол эле учурда сөз эркиндиги чектелбеши зарыл экенин айтты:
"Саясатка байланыштуу маалыматтар туура, так чыкканы жакшы. Бирок ошол эле учурда журналисттердин, жарандардын жоопкерчилигин күчөтүү менен бирге алардын маалымат берүү укугу, сөз эркиндиги чектелбеши керек. Туура, так, жарандарга зыяны келбей тургандай болууга тийиш", - деди Култаева.
Жогорку Кеңеш бүгүнкү отурумунда “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун экинчи окуудан карап, кабыл алды.
Кыргызстанда санарип телеберүүгө өтүү 2014-жылы башталган.(ZKo)
Шерине