“Кыргызстан аэропорттору” мамлекеттик ишканасы Ош шаары менен Өзбекстандын борбору Ташкент шаарынын ортосунда аба каттамы ачылганын маалымдады.
“Centrum Air” авиакомпаниясынын учагы 1-апрель күнү Ташкенттен Ошко 95 жүргүнчү менен келди. Алгачкы рейсти Ош эл аралык аэропортунан жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Өзбекстандын Оштогу башкы консулу жана башка өкүлдөр тосуп алышты.
Жаңы авиа каттам туруктуу болот. Жумасына эки жолу - шаршемби жана ишемби күндөрү аткарылат. Учуу узактыгы 1 саат 10 мүнөт. Ал эми авиабилеттердин минималдуу баасы эки тарапка 1,5 млн сумдан (10,8 миң сом же 124 доллар) башталат.
Каттамдардын графиги Ташкенттен башка каттамдарга ыңгайлуу туташтырылып түзүлгөн. Бул Ош шаарынан чыккан жүргүнчүлөргө Ташкенттен ары башка багыттарга учууга кошумча шарт түзөт.
Бишкек—Ташкент багытындагы аба каттамы 2017-жылдан тартып жанданган. Пандемия учурунда токтоп, кийинчерээк кайра ачылган каттам учурда аптасына төрт ирет аткарылат.
2024-жылдан бери жайкы туристтик сезон учурунда Ташкент–Тамчы аба каттамы да аткарылып келет.(ZKo)
Шерине