Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:55

Ошто кылмыштуу топту каржылоого шек саналган үч киши камалды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарындагы курулуш компанияларынын биринин ээси, Бактыяр аттуу жаран криминалдык чөйрөдө Женго каймана аты менен белгилүү Кадырбек Досоновдун кылмыштуу тобун каржылап жүргөнү аныкталганын Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы 2-апрелде кабарлагандай, Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренеси («Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо») менен иш козголду.

2019-жылы, милиция билдиргендей, шектүү кылмыштуу идеологияны колдоо жана кылмыштуу топту каржылоо максатында «Визион Групп» компаниясынын ошол учурдагы башкы директору жана негиздөөчүсү З.О. аттуу ишкерди коркутуп, топтун кызыкчылыгына батир өткөртүп алган.

"2024-жылы шектүү жарандар А.М. жана Б.К. криминалдык чөйрөдө өз таасирин бекемдөө максатында аталган ишкерди кайрадан коркутуп, «Визион Групп» компаниясынын 100 пайыздык үлүшүн толугу менен өздөрүнө өткөртүп алышкан. Андан кийин компания курган батирлерди уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн атына каттатуу аркылуу алардын мүлктүк базасын кеңейтишкен", - деп билдирди ИИМ.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында шектүү катары 53 жаштагы А.М., 51 жаштагы Б.К. жана 49 жаштагы К. уулу К. кармалып, камакка алынды.

ИИМ ушул тапта аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка да адамдарды аныктоо аракети жүрүп жатканын кабарлады.

Кармалган шектүүлөрдүн жакындары жана адвокаттары комментарий бере элек.

«Визион Групп» компаниясынын негиздөөчүсү жана мурдагы башкы директору мүлкүн мыйзамсыз тартып алууга даттанып, сотко кайрылган.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) 2023-жылы 4-октябрда УКМКнын атайын операциясында өлтүрүлгөн. Мүлкү мамлекеттин карамагына өткөн. Ошондон бери кылмыш дүйнөсү, кылмыштуу топтор менен байланышы бар делген бир катар адамдар, мамлекеттик кызматкерлер жана ишкерлер камалып, айрымдары кийин абактан чыккан.(ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG