Адвокат Нурбек Токтакунов Санжарбек Тилеков аттуу Фейсбук колдонуучусу социалдык тармакта анын аброюна шек келтиргени үчүн 20 миң сом айыпка жыгылганын билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 3-апрелде чыгарды.
Нурбек Токтакунов сотто Санжарбек Тилеков күнөөсүн мойнуна алып, андан кечирим сураганын кошумчалады.
Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин 1071-беренеси боюнча, жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык тармактарда адамдын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирип, кемсинткен деген адамга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып пул салынат. (BTo)
Шерине