Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:08

Жапаров учкучсуз учак чыгаруу маселесин карап чыгууну тапшырды

Президент Садыр Жапаров "Дастан" заводунда. Бишкек. 3-апрель, 2026-жыл.
Президент Садыр Жапаров "Дастан" заводунда. Бишкек. 3-апрель, 2026-жыл.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга жана “Дастан” заводунун жетекчилигине учкучсуз учуучу аппараттарды чыгарып баштоону уюштуруу маселесин тапшырды.

Президенттин сайтында бул тапшырма өлкөнүн коргонуу-өнөр жай потенциалын чыңдоого, жогорку технологиялык тармактарды өнүктүрүүгө жана импорттук продукциядан көз карандылыкты азайтууга багытталганы кабарланды.

Жапаров учкучсуз учуучу аппарат чыгаруу тапшырмасын 3-апрелде “Дастан” трансулуттук корпорациясына барып, ишмердүүлүгү менен таанышкан учурда берди.

Мамлекет башчысы заводдун өндүрүштүк кубаттуулугун, анын ичинде атайын продукция чыгарып жаткан линияларын көрүп чыкты. Ал ишкана жетекчилигине заманбап технологияларды активдүү киргизүү жана Кыргызстанда жасалуучу продукциянын атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.

“Дастан” заводунун ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бири - деңиз торпедалык куралын даярдоо. Ошондой эле ал электрондук, медициналык жана башка өнөр жай продукциясын иштеп чыккан көп тармактуу ишкана.(ZKo)


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG