Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:52

Бишкекте машинелер кагышып, жөө жүргүнчү каза болду

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

3-апрелге караган түндө, саат 02:20 чамасында Бишкек шаарында жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен жөө жүргүнчү каза болду.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы (ШИИБ) маалымдагандай, калаанын түштүк тарабындагы Аалы Токомбаев магистралы менен күн батышты көздөй бараткан Lexus LX 460 үлгүсүндөгү унаа НТС телекомпаниясынын тушунда жөө өтмөктөн өтүп бараткан адамга жол берип турган Honda Fit машинесин, андан кийин токтоно албай, жөө адамды сүзгөн. Андан соң жол четинде токтоп турган дагы эки унаа менен кагылышкан.

Жол кырсыгынын кесепетинен 25 жаштагы Ш.З. аттуу жөө адам окуя болгон жерде каза тапты.

Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 3-бөлүгү менен кылмыш иши козголду. Унаа атайын айып короосуна киргизилип, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Lexus LX 460 унаасынын айдоочусу Бишкек ШИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

23-мартта күндүз жолдогу жөө адамдар өтүүчү тилкеден өтүп бараткан окуучу кызды катуу келе жаткан жүк ташуучу унаа коюп кеткен. Секелек ошол жерден көз жумган.

27-мартта Балыкчы–Ананьево–Каракол автожолунда “Мерседес-Бенц Е420” машинеси менен каршы тилкеде келаткан “Ренаулд-Самсунг SМ6” кагышып, алты адам набыт болгон.

29-март күнү Наарын шаарында Митсубиси Лансердин айдоочусу жөө өтмөктөн өтүп бараткан эки адамды сүзгөн. Жабырлануучулар “Тез жардам” кызматы менен Нарын облустук бириккен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 2025-жылы 8 456 жол кырсыгы болуп, андан 900 киши каза тапты. Дагы 12 миң 169 адам ар кандай жараат алды. Кырсыктарга автоунааны катуу айдоо, каршы тилкеге чыгуу, ичимдик ичип алып рулга отуруу жана айрым автожолдордун талапка жооп бербегени негизги себеп экени айтылып келет.(ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG