Москва районундагы Садовое айылында секелек кыз жүк ташуучу унаанын алдында калып, каза тапты.
Кырсык 23-мартта күндүз болгон. Кыз жолдогу жөө адамдар өтүүчү тилкеден өтүп баратканда катуу келе жаткан жүк ташуучу унаа коюп кеткен. Секелек ошол жерден көз жумган.
Чүй облустук милициясы окуя боюнча иликтөө жүргүзүп жатканы кабарлады.
Социалдык тармактарга тараган тасмада жөө адамдар өтмөгүнөн өтүп келе жаткан адамдарды өткөрүү үчүн жеңил унаа токтоп, авариялык жарыгын күйгүзгөнү, ал эми кийинки тилкеде келе жаткан жүк ташуучу унаа өтмөктөн өтүп бараткан кызды коюп кеткени тартылып калган.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 2025-жылы 8 456 жол кырсыгы болуп, андан 900 киши каза тапты. Дагы 12 миң 169 адам ар кандай жараат алды. Кырсыктарга автоунааны катуу айдоо, каршы тилкеге чыгуу, ичимдик ичип алып рулга отуруу жана айрым автожолдордун талапка жооп бербегени негизги себеп экени айтылып келет.(ZKo)
Шерине