Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:49

Жергиликтүү зергерлерге алтын арзан сатылат

Кыргызстанда өндүрүлгөн алтын. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстанда өндүрүлгөн алтын. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Министрлер кабинети жергиликтүү зергерлик өндүрүштү колдоо максатында зергерлик менен алектенген ишкерлерге алтынды сатуу тартибин бекитти.

16-мартта өкмөт башчы кол койгон токтомго ылайык, зергерлик буюмдарды жасоочу ишканаларга алтын Лондон баалуу металлдар рыногунун фиксингинен 2 пайыз арзандатуу менен жүргүзүлөт. Баалар бүтүм түзүлгөн күндөн бир күн мурунку Лондон баалуу металлдар рыногунун ассоциациясынын кечки фиксингинин негизинде, Улуттук банктын курсу боюнча сом менен бекитилет.

Каржы министрлигине токтомду ишке ашыруу үчүн тийиштүү каражат бөлүп берүү тапшырылды.

Мындан тышкары баалуу металлдарды жана алтын, күмүш зер буюмдарын алып саткан тараптарга зер буюмдарды, баалуу металл кесимин жана асыл таштарды тийиштүү органга сатып өткөрүүгө укук берилди.

Президент Садыр Жапаров жаңы жылдын алдында жергиликтүү зергерликти колдоо жана өнүктүрүү максатында тармакка бир катар жеңилдиктерди караган жарлык чыгарган. Анда зергердик өндүрүшү үчүн жабдуу, технология, жарым фабрикаттарды импорттоодо, сыртка көргөзмөгө жана жарманкеге катышуу үчүн зер буюмдарды чыгарууда бажы, салык төлөмдөрүндө жеңилдик жана преференция берүү каралган.

Мындан тышкары зергерликти легалдаштыруу мезгилинде салык кызматынын текшерүүлөрүнө мораторий белгилөө менен мурда ташып келинген же жасалган зер буюмдарды эки ай ичинде мыйзамдаштыруу тапшырмасы берилген.

Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда орто эсеп менен жылына 26 тонна алтын өндүрүлөт. 2021-2025-жыл ичинде өлкөдөгү алтын кендеринде 141 тонна алтын алынган.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG