Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:08

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан алты адам мүрт кетти

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл облусунда 27-мартта болгон жол кырсыгынан алты адам мүрт кетти. Бул маалыматты “Азаттыкка” Саламаттык сактоо министрлиги ырастады.

Расмий маалыматка ылайык, кырсык Балыкчы-Ананьево-Каракол автожолунда болгон. Батыштан чыгышты көздөй бараткан “Мерседес-Бенц Е420” машинесинин айдоочусу жолдун сол тарабынан бурулуп чыккан “Фольксваген-Пассат” автоунаасынан качып, карама-каршы тилкеде келаткан “Ренаулд-Самсунг SМ6” автоунаасын сүзгөн.

Кырсыктан “Мерседес-Бенц Е420” жана “Ренаулд-Самсунг SМ6” машинелеринин айдоочулары окуя болгон жерден мүрт кеткен.

Саламаттык сактоо министрлиги жол кырсыгына жалпы 11 адам кабылганын, алардын ичинен алты киши каза болуп, үч бейтап ооруканага жаткырылганын билдирди. Калган экөө үйүнөн дарыланууга жиберилген.

Кыргызстанда 2025-жылы 8 456 жол кырсыгы болуп, андан 900 киши каза тапкан. Дагы 12 миң 169 адам ар кандай жаракат алды. Кырсыктардын негизги себептери автоунааны катуу айдоо, каршы тилкеге чыгуу, ичимдик ичип алып рулга отуруу жана айрым автожолдордун талапка жооп бербегени айтылып келет. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG