Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:30

Абдыкеримов Ташиевге жооп берип, маалыматтар текшериле баштаганын айтты

Шаршенбек Абдыкеримов.
Шаршенбек Абдыкеримов.

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазды.

“Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен факты жөнүндө айтып жатат. Менин кызымдан Томми борборун тартып алдыңыз. Менин балдарымдын батир, кеңселерин тартып алдыңыз. Жыйынтыгында менин балдарым каражатсыз калып, төлөбөгөндүгү үчүн айдалып, үйлөрүнө кайтышты. Сиз балдарымды келечегинен ажыраттыңыз. Бирок, элде айтылган сөздү бузбаш керек бузбаш керек деген нерсе бар! Балдар атасынын катасы үчүн жабыр тартпашы керек! Эне – баласынын катасы үчүн жабыр тартпашы керек!” - деп жазды.

Абдыкеримов мунун баары “жалган” эмес экенин жазып, туура эмес маалыматтар болсо бардыгы мыйзамга ылайык ачык текшерилишин талап кылган. Ошондой эле анын буга чейинки жазгандарына президент реакция кылып, текшерүү башталганын билдирген.

Азырынча Абдыкеримовдун жазгандары боюнча укук коргоо органдары жана президент Садыр Жапаров комментарий бере элек.

"Аю холдинг" компаниясынын негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов 28-мартта президент Садыр Жапаровго мамлекетке өткөрүлгөнү айтылган эки ири соода борбору - "Аю Гранд Комфорт" жана "Томми молл" боюнча кайрылуу жасаган.

Ушундан кийин УКМКнын мурдагы төрагасынын уулу Таймурас Ташиев Фейсбук аркылуу жооп берип, анын айткандарын четке каккан.

Ташиев Абдыкеримовдун 28-марттагы президентке кайрылуусун "биздин үй-бүлөгө карата жалган жалаа жабуу, каралоо аракеттеринин уландысы" деп сыпаттады.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылы “Аю” компаниясынын спирт жана арак заводу мамлекетке өтүп жатканын маалымдаган. Президент ишкана мамлекетке салыкты толук төлөбөй, жасалма акциздер менен иштеп келгенин айткан.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев ошол кезде ишкана өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүлгөнүн айткан. Андан бери УКМК “Аюнун” бир нече мүлкү өкмөткө кайтарылганын кабарлаган.

Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов Фейсбуктагы баракчасына бир аптадан бери ачык билдирүүлөрдү жарыялай баштады. Буга чейин коомчулукка дээрлик жабык болгон, бир канча жылдан бери сыртта жүргөн, эл арасында "Шаки" деген кыска ат менен таанылган ишкер анда өзүнүн башынан өткөргөн негизги саясий окуяларды, бизнесинен кантип кол жууганын тизмектеп жазган. Ал УКМКнын Бишкек башкармалыгынын мурдагы жетекчиси, учурда камакта отурган Элдар Жакыпбековду айыптаган. Абдыкеримов ошондой эле бир катар саясатчылар тууралуу да сөз кылган. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG