Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Апрель, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:15

Иранда атып түшүрүлгөн F-15 тик учагынын экинчи учкучу куткарылды

 F-15E Strike Eagle тик учагы
F-15E Strike Eagle тик учагы

5-апрелдин таңында америкалык күчтөр Иранда атып түшүрүлгөн F-15 тик учагынын экипажынын экинчи мүчөсүн куткарганы маалым болду.

АКШнын президенти Дональд Трамп Truth Social тармагына учкучтардын бири жараат алганын, бирок анда баары жакшы болорун жазды.

F-15E Strike Eagle истребителин 3-апрелде Ирандын абадан коргонуу күчтөрү атып түшүргөн. Ал согуш башталган беш аптадан бери Ирандын асманында кулатылган америкалык биринчи учак болуп калды. Биринчи учкуч учак кулаганда парашют менен секиргенден бир нече сааттан кийин куткарылган.

Экинчисин куткаруга АКШнын атайын операциялар күчтөрү жана башка аскердик бөлүктөр тартылган.

Америкалык расмий өкүлдөр учкуч жана куткаруу командасы Ирандан аман-эсен чыгып кеткенин маалымдашты.

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу да амкерикалык учкучту табууга аракеттенген.

Axios булактарына таянуу менен офицер парашют менен секиргенде жараат алып, бир суткадан ашык убакыт тоодо жашырынып турганын жазды.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG