Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:14

Стамбулда Израилдин консулдугунун жанындагы атышуудан эки адам мүрт кетти

Стамбул. Израилдин консулдугунун жанындагы атышуудан кийин топтолгон полиция кызматкерлери. 7-апрель, 2026-жыл.
Стамбул. Израилдин консулдугунун жанындагы атышуудан кийин топтолгон полиция кызматкерлери. 7-апрель, 2026-жыл.

Түркиянын Стамбул шаарындагы Израилдин консулдугу имаратынын жанында 7-апрелде болгон атышуудан эки адам каза болуп, дагы эки полиция кызматкери жаракат алды. Бул тууралуу Hürriyet басылмасы жазды.

Үч киши консулдук жайгашкан имаратка кирүүгө аракет кылганы, алардын экөөнүн жанында курал болгону, күзөт кызматкерлери жана полиция менен атыша кетишкени маалымдалды.

Кол салгандардын экөө жок кылынып, үчүнчүсү жаракат алды. Алардын максаты Израилдин дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн кызматкерлерин бутага алуу болгон деген кабар тарады.

The Jerusalem Post басылмасы Стамбулдагы жөөт коомчулугундагы булакка таянып бул консулдук эки жылдан бери жабык турганын жана атышуу учурунда ичинде кызматкерлер болбошу мүмкүн экенин билдирди.

Окуя болгон аймакка кошумча полиция күчтөрү тартылды.

Түркиянын юстиция министри Акын Гүрлек иликтөө башталганын билдирди.

Ал эми Израилдин Тышкы иштер министрлиги окуя боюнча маалыматтарды тактап жатканын кабарлады.

Шерине

XS
SM
MD
LG