Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:14

Былтыр коррупциялык кылмыштарга байланыштуу 1360тай иш козголду

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2025-жылы Кыргызстанда укук тартибин коргоо органдары кызматтык жана коррупциялык кылмыштарга байланыштуу 1359 иш козгогон. Бул тууралуу башкы прокурор Максат Асаналиев парламенттин тармактык комитетинин 7-апрелдеги жыйынында өткөн жылдагы жасалган иштер тууралуу маалымат берип жатып айтты.

Мындан сырткары ушул эле категориядагы 1710 иш тергелип, 1330у сотко жиберилген, 380и кыскартылган. Башкы прокурор кыскартылган иштер тууралуу кенен маалымат берген жок.

2025-жылы өлкөдө коррупцияга каршы мыйзам катталдашкан. Президент Садыр Жапаров 2024-жылдын 31-декабрында паракорчулукка айыпталган адамдарга жазаны күчөткөн мыйзамга кол койгон.

Ага ылайык, “коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматта иштөөгө өмүр бою тыюу салынган. Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” жана “Шалаакылык” беренелери менен айып тагылгандар тергөө менен күнөөсүн мойнуна алуу тууралуу келишим түзүп, келтирилген чыгымды толугу менен төлөгөндө ушул беренелерде каралган жазанын жарымын абакта өтөшү керек болот. Шектүү күнөөсүн мойнуна алса да пробациялык жаза колдонулбайт.

Былтыр Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы күрөштүн негизинде жалпысынан 300 миллиард сомдон ашык каражат, мал-мүлк, миңдеген гектар жер мамлекетке кайтарылганын билдирген.

Бирок УКМК элге жарыя кылып, сотсуз тартып алынган мүлктөрдүн бир бөлүгү мамлекеттик казынага түшпөй, УКМК жетекчилеринин сол чөнтөгүнө солонуп кеткени кийин ачыкталып отурат.

18-мартта Башкы прокуратура УКМКнын айрым кызматкерлери менен алардын чөйрөсүндөгү адамдар ишкерлерден жана кылмыш иштери боюнча фигуранттардан алынган акча каражаттары менен мүлктөрдү мамлекетке өткөрбөй эле өздөрүнө ыйгарып алышканын кабарлады.

Аныкталган фактылар боюнча Аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Президент Садыр Жапаров 11-мартта Жогорку Кеңешке барганда ишкерлерден мыйзамсыз тартып алынган мүлктөр аныкталса кайтарылып берилерин айтты. Ошондой эле мамлекетке алынган мүлктөрдүн тизмеси ревизия жүргүзүүнүн жыйынтыгы менен ачык жарыяланарын убада кылды.

10-февралда Жапаров Ташиевди төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийин берген маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин ал парламенттен сыртка чыкканын айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.

УКМК кызматкерлеринин үстүнөн 386 киши арызданганын Максат Асаналиев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып 7-апрелде билдирди. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG