"Жанында чогуу иштеген бир бала бар экен. Ага “бөлмөдөн баш кийимимди алып чыгып берчи” дептир. Ал бала бөлмөгө киргенде өзүн өзү атып жибергенин айтышты", - деди көзүнө жаш алып Айдарбектин таежеси Гүлбар Шермаматова.
Окуя 7-апрелде болгон. Өзүн атып алганы айтылган Чек ара кызматынын жоокери, 22 жаштагы Айдарбектин абалы оор, ал эсине келе элек.
Айдарбек Ош облусундагы "Эркечтам" өткөрүү пунктунда келишимдик негизде үч жылдан бери кызмат өтөп жаткан. Жакындарынын айтымында, жоокер 10 күн Ошто, 10 күн Алайда кызмат өтөчү. Алар анын мындай кадамга барышына эмне себеп болгонун түшүнө албай жатканын айтышты.
"Ушул убакка чейин жаман жолго түшкөн эмес. Биринчи класстан тарта менин колумда чоңойгон. Апасы каза болгондон кийин өзүм багып алгам. Жакшына ишке орношуп калган эле. Иштен кийин эле ушундай кабар угуп калдык. Эч кандай айыбы жок, жакшы бала болчу. Окуп да, иштеп да жүргөн. Бизге эч нерсе айткан эмес. Жакшына эле ойноп-күлүп кеткен. Бир СМС жазыптыр. Ошону окугандан кийин эле ызы-чуу башталды. “Бакканыңарга рахмат” деп, аягында “жашоодон түңүлдүм” деп жазып коюптур",- дейт Шермаматова.
Учурда жоокер Гүлчөдөгү шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Анын абалы өтө оор экенин Алай жалпы дарыгердик борборунун директору Дайыр Кадыров билдирди:
"7-апрель күнү саат 20:55те Нура айылындагы ооруканага 22 жаштагы аскер кызматкери башынан октон жараат алып түшкөн. Ал жерде алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, тез жардам бригадасы менен Гүлчө шаардык ооруканасына жөнөтүлгөн. Учурда жоокер жандандыруу бөлүмүндө жатат, абалы өтө оор деп бааланууда. Ээгине туштап аткан, ок көзүнүн тушунан чыгып кеткен. Акыркы жыйынтыкты соттук-медициналык экспертиза чыгарат".
Жоокердин абалынан кабар алууга келген саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов ооруканада бейтаптын дарылануусу үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн билдирди:
"Абалы туруктуу болбогону үчүн башка жакка алып кетүүгө мүмкүн эмес".
Мамлекеттик чек ара кызматы жоокер тууралуу маалыматты 8-апрелде тараткан. Окуянын бардык жагдайларын жана себептерин аныктоо үчүн кызматтык иликтөө дайындалганын маалымдаган.
“Бул факт боюнча тиешелүү укук коргоо органдарына маалымдалды. Окуянын бардык жагдайларын жана себептерин аныктоо үчүн кызматтык иликтөө дайындалды”, - деп айтылды Чек ара кызматы тараткан маалыматта.
Соңку аптада аскер кызматкерлерине байланыштуу дагы бир окуя катталды.
4-апрелде Лейлектеги чек ара тозотунда кызмат өтөп жаткан жоокер, аскерге былтыр күзүндө чакырылган Данияр Нурбеков автокырсыктан жабыркаган. Ал райондук ооруканада жандандыруу бөлүмүндө жатат, комадан чыга элек.
Данияр Нурбеков 2004-жылы Ноокен районунун Масы айылында туулган. Аскерге 2025-жылдын сентябрь айында чакырылган.
Саламаттык сактоо министрлиги жоокердин абалы туруктуу оор экенин, Лейлекке нейрохирургдар жиберилгенин билдирген.
Кыргызстандын акыйкатчысынын маалыматына караганда, былтыр сегиз айда Аскер госпиталына 783 адам кайрылган, анын 114ү жоокерлер. Январь-июль аралыгында сегиз аскер кызматкери жараат алган.
Шерине