Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Апрель, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:31

11-апрелдин аба ырайы: Айрым аймактарда жаан жаайт

Кыргызстан
Кыргызстан

11-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт.

Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18

Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 13…18

Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын жаабайт, кечкисин өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7°, күндүз 21…23° болот.

Шерине

XS
SM
MD
LG