Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Апрель, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:56

Аба ырайы: Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан жаайт

14-апрелге чейинки күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана күндүн ысышына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу жолдорунда жана ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

13-апрелде түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 19…24;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16;

Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 14…19.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10°, күндүз 24…26° жылуу болот.


Шерине

XS
SM
MD
LG