Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Апрель, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:57

Кара-Суу шаарында жаңы медициналык борбор ачылды

Президент Садыр Жапаров жаңы медициналык борбордо. Кара-Суу шаары. 12-апрель, 2026-жыл.
Президент Садыр Жапаров жаңы медициналык борбордо. Кара-Суу шаары. 12-апрель, 2026-жыл.

Кара-Суу шаарында жаңы медициналык борбор ачылды. Үй-бүлөлүк медицина борборунун ачылышына 12-апрелде президент Садыр Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында катышты.

Мамлекет башчысы медициналык кызматкерлер менен кыскача баарлашты. Алардын эмгек акысын көбөйтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер туралуу маалымат берди жана мамлекет мындан ары да айлыкты көбөйтүү жана эмгек шарттарын жакшыртуу үчүн бардык аракеттерди көрөрүн айтты.

Президенттин сайтындагы маалыматка караганда, медициналык борбордун жаңы имараты төрт кабаттан турат. Мекеме заманбап медициналык жабдуулар жана эмеректер менен жабдылган.

Имаратта административдик кызматтар, консультациялык жана диагностикалык бөлүмдөр, ошондой эле медициналык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө арналган адистештирилген кабинеттер жайгашкан. Компьютердик томография (КТ), дарт аныктоочу, рентген аппараттары, флюорография жана башка жогорку технологиялык жабдуулар менен жабдылган.

Президент Садыр Жапаров саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов менен чогуу медициналык борборду кыдырып, жаңы бөлмөлөрүн көрүп чыкты.

Маалыматка ылайык, медициналык борбордун курулушу толугу менен аяктаган, толук кандуу иш алып барууга даяр.

Жапаров Ош облусуна 10-апрелде барган. Ал аймакта 15-апрелге чейин болору, Ош шаарын жана облустагы райондорду кыдырып, эл менен жолугушары кабарланган.

10-апрель күнү мамлекет башчысы Ош шаарында эл менен жолугушкан, 11-апрелде Араванда жергиликтүү эл менен сүйлөшкөн. Президент менен жолугушууга айрым журналисттер киргизилген эмес. Аравандагы жолугушууга барган журналист Хамидулло Узаков күч кызматтары аны мажбурлап чыгарышканын Фейсбуктагы баракчасына жазган. (ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG