Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Апрель, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:58

Орусияда кытайлык жумушчулар нааразылык акциясына чыкты

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жекшемби күнү эртең менен Орусиянын Комсомольск-на-Амуре шаарында жүзгө чукул кытайлык жумушчулар акцияга чыгышты. Алар шаардын көчөлөрү менен Орусия президенти Владимир Путинден жана "Роснефть" компаниясынын башчысы Игорь Сечинден жардам сурап, кытайча жана орусча жазылган плакаттарды көтөрүп өтүштү.

Марштан соң алар Первостроители проспектисиндеги газондорго жана жол жээгинде отурушту.

Алар "Роснефть" ишканасынын мунай заводу менен катар жайгашкан "Петро-Хэхуа" компаниясынын куруучулары экени айтылды.

Шаар башчысы Дмитрий Заплутаев кытайлык жумушчулардын максаты айлык акы төлөнбөй жатканына көңүл бурдуруу экенин билдирди. Кийинчерээк прокурорлор текшерүү баштаганы кабарланды.

Марштын катышуучулары кармалган жок. Аларды кармоо үчүн келген автобустар бош кайтып кетишти.

Комсомольск-на-Амуре шаарында кытайлык жумушчулар айлык акы төлөнбөгөнү үчүн 2021-жылы да нааразылык акциясына чыгышкан.


Шерине

XS
SM
MD
LG