АКШ менен Ирандын өкүлдөрү кайра жолугушуусу ыктымал
АКШ жана Ирандын делегациялары ушул жума соңунда Исламабад шаарына дагы бир ирет жолугушуусу мүмкүн. Бул тууралуу Рейтерс агенттиги бир нече булакка таянып жазды. 11-апрелде Пакистандын борбор калаасында 20 сааттан ашык созулган тарыхый жолугушуу майнапсыз аяктаган. Андан соң АКШ президенти Дональд Трамп Иран тарап тынчтык келишимин түзүү үчүн байланышканын билдирген.
Шерине