Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:26

Баткенде "Айгүл гүлү" фестивалы өтөт

Айгүл. Иллюстрациялык сүрөт.
Айгүл. Иллюстрациялык сүрөт.

20–21-апрель күндөрү Баткен шаарында “Айгүл гүлү” эл аралык фестивалы өтөт.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, иш-чаранын негизги максаты - Кызыл китепке кирген сейрек кездешүүчү Айгүл гүлүн эл аралык деңгээлде таанытуу, коңшу мамлекеттер менен маданий байланышты чыңдоо жана достук-ынтымакты бекемдөө.

Фестивалга Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандан да кол өнөрчүлөр, өнөрпоздор катышат. Иш-чарада түрдүү кароо-сынактар уюштурулат. Өнөрпоздордун чеберчилигин эл аралык деңгээлдеги калыстар тобу баалайт.

Кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү, улуттук тамак-аштардын жарманкеси болот. Мындан тышкары өнөрпоздор элдик ырларды жана музыкалык аспаптарды жандуу аткаруу боюнча күч сынашат.

Сынактардын ар бирине 10 миң сомдон 30 миң сомго чейинки өлчөмдө акчалай сыйлыктар каралган.

"Айгүл гүлү" фестивалы жергиликтүү бийликтин демилгеси менен аймакта туризмди өнүктүрүү максатында бир нече жылдан бери уюштурулуп келе жатат.

Айгүл Кыргызстанда Баткен облусундагы Айгүл-Таш тоосунда гана өсөт. Бул гүл 1978-жылы СССРдин Кызыл китебине киргизилген.

2023-жылы "Айгүл Тоо" ботаникалык коругуна кирүүгө үч жылга тыюу салынган. Быйыл 1-апрелде анын мөөнөтү дагы 2030-жылга чейин узартылды. Бул Баткенде өскөн уникалдуу гүлдү сактап калуу жана көбөйтүү чарасы экени айтылган. (JsA/ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG