Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдан улам Казакстан менен Ирандын экономикалык кызматташтыгы кыйынчылыктарга туш болууда, биргелешкен долбоорлор токтоп турганын 16-апрелде казак тышкы иштер министринин орун басары Арман Исетов билдирди.
Анын айтымында, тараптар буудай менен камсыздоо, азык-түлүк тармактыранда иш алып барчу, ишкерлер кырдаал кандай болорун күтүп жатышат.
Исетов “олуттуу экономикалык жоготуулар жок экенин, Иран менен кызматташтыктын көлөмү казак экономикасында анча чоң орун ээлебегенин” кошумчалады.
Буга чейин казак өкмөтүнүн өкүлдөрү өлкө Иранга азыктын ондогон түрүн, анын ичинде арпа-буудай жана эт жөнөтүүгө даяр деп айтышкан.
АКШ менен Израил Иранга чабуул кое баштаганы жана Тегерандын жооп иретинде Израил менен Перс булуңундагы америкалык базаларга соккулары Жакынкы Чыгыштагы гана эмес, Борбор Азиянын да экономикасына таасир этти.
Согуштун айынан көптөгөн товарларды жеткирүү кечеңдеди. Тажикстан жана Түркмөнстандын тургундары ирандык товарлардын баасы кымбаттаганын жана тартыш болуп жатканын айтышууда.
Ирандан Кыргызстанга килем, сырдоочу каражаттар, кургатылган жемиш жана башка нерселер ташылып келет. Бул товарларды алып келүү да создугуп жатканы кабарланды.
Шерине