Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:55

"Мушарака, шарика". Араб сөздөрү тилди байытабы?

Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Кыргызстанда терминдерге байланыштуу талкуу кайра жанданды. Айрыкча банктардын мурабаха, шарика, мушарака деген сөздөрдү колдонуп жатканы суроо жаратты.

Айрымдары муну Конституцияга жана Баш мыйзамга каршы аракет катары баалашты. Каржы чөйрөсүндө жүргөндөр бул терминдер ислам принциптерине ылайык каржылоого өткөн банктарда кеңири колдонуларын айтууда.

"Шарика деген эмне?"

Жогорку Кеңеш өткөн жумада Жарандык кодекске ислам принциптерине ылайык каржылоо боюнча өзгөрүүлөрдү киргизүү маселесин карады. Талкуу маалында эл өкүлдөрүндө терминдерге байланыштуу суроолор жаралды.

Депутат Дастанбек Жумабеков арабча сөздөрдү түшүнбөй жатканын айтып, бул бир чети Баш мыйзамга каршы келерин белгиледи:

Дастанбек Жумабеков
Дастанбек Жумабеков

"Шарика, мушарака деген термин кирип жатат. Шарика эмнени түшүндүрөт? Түшүндүрмө берсеңиздер? Бизде эми Баш мыйзам бар да. Конституцияда так жазылган. Мамлекеттик тил - кыргыз тили, расмий тил - орус тили. Азыр, мындайча айтканда, башка тил кирип жатат да. Мунун түшүндүрмөсүн аныктап, көрсөтүшүбүз керек. Азыр башка тилди термин катары колдонуп жатабыз. Ушуну которуп коюңуздар. Расмий же мамлекеттик тилде көрсөтүп коюңуздар. Башка улуттун тили кирсе биздин Баш мыйзамга каршы келип калат".

Мыйзамдын демилгечилеринин бири депутат Илимбек Кубанычбеков бул туура сунуш экенин белгилеп, үчүнчү окууда терминдердин кыргызча түшүндүрмөсүн жазып келерин айтты.

Илимбек Кубанычбеков
Илимбек Кубанычбеков

“Туура белгилеп жатасыз. Негизи үчүнчү окууда лингвистикалык котормолорду эске алуу менен алып келебиз. Бул эми эл аралык терминология. Башында мурабаханы да ошентип айтышкан. Бул эми дүйнөлүк ислам каржылоосунда колдонулган термин экен, өзгөртө албайбыз дешкен. Эми үчүнчү окууда мушарака, шарика деген терминдердин кыргызча котормосун кашаанын ичине жазып келебиз”.

Банк тармагында арабча сөздөрдү колдонуу коомдо ар кандай пикир жаратып, депутаттын дарегине сын жаады.

Анткен менен ислам каржылоосу боюнча эксперттер мурабаха, мушарака, мудараба деген сөздөр банк тармагында колдонулган эл аралык терминдер экенин жүйө келтиришүүдө.

Мушарака арабча "шарика" деген сөздөн келип чыгып, "бөлүшүү, өнөктүк, шериктик" дегенди билдирет.

“Ислам каржылоо принциптери” аттуу китептин автору, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Жумадыл Акматжан булар ислам каржылоосу менен иштеген банк тармагында кеңири колдонулган терминдер экенин белгиледи.

Ал финансы жаатында банк, вексель, акция ж.б. сөздөр сындуу эле ислам каржылоосунун өз терминдери барын, айрымдарын түз которгондо түпкү мааниси бузуларын мисалдар менен негиздеди.

Жумадыл Акматжан
Жумадыл Акматжан

“Негизинен мушарака деп айтылат, шарика кошумча кирип калган термин. Он жылдай болуп калды, Жарандык кодекстин 738-бөлүмүнө он чакты “Ислам каржылоо өнүмдөрү” киргизилген. Мен өзүм араб тили боюнча адисмин. Ислам каржылоосунда мушаракадан башка мудараба, мурабаха деген терминдер колдонулат. Сүткорлукту билдирген риба деген термин бар. Рибанын түз мааниси сүткорлук. Жарандык кодекстин, Улуттук банктын укуктук-ченемдик актыларында сүткорлук дегендин мааниси исламдагы түшүнүктөн башкача болуп кирип калган. Мындайча айтканда, Улуттук банк койгон ченемден ашып кеткен каржы институттары сүткорлукка кирип калган болуп эсептелет. Ал эми шарият боюнча сүткорлуктун мааниси башкача. Эгер рибаны сүткорлук деп которсок, биздеги укуктук-ченемдик актылардагы сүткорлукка мааниси окшошпой калат. Ошол эле насыя деген сөз. Илгертен бери эле бизде үстөксүз, пайызсыз алынган карызды насыя дешкен. Азыр болсо кредитти насыя деп жатышат. Ал эми кредит – акчаны пайызга берүү. Туура эмес которуунун айынан насыянын түпкү мааниси жоголуп кетти. Мушараканы өнөктөштүк дей турган болсок, салттуу банкинг, финансы тармагындагы өнөктөштүктөн мааниси башкача болуп калат. Ошон үчүн мушарака ошол эле бойдон калышы керек”.

Жарандык кодекске кирген арабча терминдер
Жарандык кодекске кирген арабча терминдер

Адистин белгилешинче, ислам каржылоосунда колдонулган терминдерди 1998-жылы Бахрейнде түзүлгөн AAOIFI финансы институту иштеп чыккан. Дүйнөдөгү ислам банктары ошол институттун жүздөн ашуун шарият стандарттарынын негизинде иш алып барат. AAOIFI Кыргызстандын Улуттук банкы менен кызматташат. Аалымдар кеңеши институттун ишмердиги салттуу мазхабдарга, динге каршы келбейт деп тапкан.

Эске сала кетсек, 2023-жылы парламентте "Вакуф (вакф) негиздери жөнүндө” мыйзам долбоорунун аталышына дагы сын айтылган. Анда депутаттар араб тилинен алынган вакуфту кыргызча мурас деген сөзгө алмаштырууну сунуштаган.

Ислам каржылоосу боюнча эксперт Жумадыл Акматжан вакуф араб тилинен мурас деп которулбай турганын айтты:

Жумадыл Акматжандын "Ислам каржылоо принциптери" китеби
Жумадыл Акматжандын "Ислам каржылоо принциптери" китеби

“Түз мааниси мурас эмес. Анын түз мааниси "мүлктү кармоо, токтотуу". Башкача айтканда, адамдын өз менчигиндеги мүлктү коомдук максатта колдонууга арноосу, коомдук пайдаланууга өткөрүп бериши. Анын жакшы жагы, адам көзү тирүүсүндө кайсы бир мүлктү осуят кылып арнап коюшу мүмкүн жана ал ошого ылайык, коомдук максатта гана колдонулат. Ошол кишинин шарттары үчүн колдонулат. Мисалы, адам “бул каражатка мектеп салынсын” десе, ал каражаты жүгүртүлүп көбөйтүлө берет, түшкөн пайда мектеп курулушуна гана жумшалат. Бүгүнкү күндө мамлекет көзөмөлдөгөн “вахуфдардын” түзүлүшү коомго керектүү жана пайдалуу. Антпесе, ар ким ар кандай фонддорду түзүп алат. Кылган иштери пайдалуудур, бирок анын коомго пайдасы азыраак. Вахуф – бул мурас эмес. Мурас – атадан балага өтчү, жеке адамдын менчиги”.

Кыргызстанда бүгүнкү күндө “Эко Исламик банк” толугу менен ислам принцибинде иш алып барат. Андан тышкары “Айыл банк”, “Элдик банк”, “Оптима” , “Бакай банк” жана “Мбанкта” ислам каржылоолору менен иштеген ислам терезелери департаменттери бар.

"Адалды халал, Батыраалыны Батырали деп калдык"

Терминдерге байланыштуу маселелерди чечүү, терминдик түшүнүктөрдү калыпка салуу милдети Мамлекеттик тил жана тил саясаты комиссиясынын алдындагы Кыргыз энциклопедия жана терминология борборуна жүктөлгөн.

Анда 19 кишиден турган комиссия иштейт. Ар кандай кесиптин өкүлдөрүнөн турган бул комиссия терминге байланыштуу маселенин баарын карайт.

Аталган борбордун жетекчиси Темирбек Осмоналиев учурда Дин иштери боюнча комиссия араб тилинен кирген сөздөрдү кыргыз тилине которуу маселесинин үстүндө иштеп жатканын айтты:

Темирбек Осмоналиев
Темирбек Осмоналиев

“Араб тилинен кирген сөздөрдү кыргыз тилине ылайыкташтыруу боюнча Дин иштери боюнча комиссия өзүнүн терминдик түшүнүктөрүн иштеп берип жатат. Күтүп жатабыз, балким жакында алып келет. Алып келсе маселени кандай жолго коюуну карап беребиз. Азыр Экономикалык терминдердин сөздүгү даярдалып жатат, ага банк тармагындагы сөздөр да кирет. Кайсы бир сөздүн кыргыз же тектеш тилдерде кайсы бир эквиваленти болсо которулат. Эгер болбосо анда түшүндүрмөсү берилет. 2023-жылы он тармак боюнча терминдик сөздүктөрдү чыгардык. Былтыр дагы дипломатия, этнография, аскер боюнча ондой сөздүк чыкты”.

Темирбек Осмоналиев башка тилден кирген аэропорт, аксиома, абзац өңдүү которулбай турган сөздөр да барын кошумчалай кетти. Кыргыз тили башка тилдерден кирген сөздөрдү өзүнүн үндөштүк мыйзамына ылайыктап алып, байып келгенин да четке каккан жок:

“Юдахиндин сөздүгүндө 45-50 миңдей сөз болсо, анын 7 миңден ашууну араб-фарсы тилинен кирген. Айталы, азыр биз колдонуп жүргөн китеп, мектеп, калем деген сөздөр. Алар кыргызга тилдик өзгөчөлүгүнө ылайык сиңип кеткен. Мисалы, керебет деген сөз. Орус тилиндеги кровать деген сөздү тилибиздеги үндөштүк-сингармонизм мыйзамына ылайыктап алып койдук. Ошол эле мискей, самоор, бөтөлкө деген сөздөр. Тил ушинтип байыйт. Араб тилинен кийин кирген сөздөрдү деле ушинтип колдонсок болот. Бул эми маданиятыбызга жана тилдик деңгээлибизге жараша болот тура. Халал деп жүрүшөт азыр. Кыргыздар тилге ылайыктап алган адал деген сөз бар. Үндөштүк мыйзамына ылайык, жоон үндүү менен бүткөн уңгуга жоон үндүү мүчө уланат. Ичке үндүү болсо, ичке үндүү менен бүткөн мүчө уланышы керек. Аны бузуп, Осмонаалы дегенди Осмонали, Батыраалы дегенди Батырали деп жатышат”.

Эске сала кетсек, 2024-жылы Кыргызстанда компания-фирмаларды диний мүнөздөгү сөздөр, терминдер жана аныктамалар менен атоого тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Мыйзамдын авторлору "каржы пирамидалары" кардарларды тартуу үчүн каржы уюмдарына диний маанидеги ат коюп жатканын жүйө келтиришкен.

Биз жогоруда сөз кылган банк тармагындагы терминдердин бул мыйзамга тиешеси жок жана диниятчылар өздөрү дагы диний аталыштарды коммерциялык уюмдарга коюуну жактабасын билдиришти.

Кыргыз энциклопедия жана терминология борборунан билдиришкендей, мамлекеттик тил боюнча мыйзам кабыл алынгандан кийин тилге туура келген беренелерин бирдейлештирүү максатында 14кө жакын мыйзамга өзгөртүү кирген. Ага ылайык, башка тилден кирген аталыштар дагы өзгөрүүгө тийиш.

“Мурда бизде башка аталыштарды колдонгондорго чара колдоно тургандай ыйгарым укуктар жок болчу. Мамлекеттик тил жөнүндөгү конституциялык жаңы мыйзамга ылайык, бизге ошондой ыйгарым укук берилди. Жана сөз кылгандай 14 мыйзамга өзгөртүү кириши керек. Алардын арасында ушул дагы маселе бар. Ошолор жөнгө салынгандан кийин мамлекеттик тилдин ченемдери бузулган учурда чара көрүүгө толук укугубуз бар”, - дейт Темирбек Осмоналиев.

“Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзам 2023-жылы 17-июлда кабыл алынган. Ал иштеп баштоосу үчүн жети конституциялык мыйзам, 11 мыйзам жана бир кодекс өзгөртүлүп, шайкеш келтирилери айтылган.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG