Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:01

БШК Мирлан Жээнчороевге депутаттык мандат берди

Мирлан Жээнчороев (Солдо)
Мирлан Жээнчороев (Солдо)

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 16-апрелдеги отурумунда Бишкектеги №21 округдан бошогон мандатты Мирлан Жээнчороевге берди.

Ушул эле күнү Чыңгыз Айдарбеков Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин алуу боюнча арыз жазып, Боршайком аны канааттандырган.

46 жаштагы Мирлан Жээнчороев Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Аманбаев айылында туулган. 2002-жылы Кыргыз-орус славян университетинин юридикалык факультетин аяктаган.

2012-жылы “Республика” фракциясынан Бишкек шаардык кеңешине депутат болгон. 2015-жылы “Республика - Ата-Журт” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган.

№21 округдан депутат болуп шайланып келген Куванычбек Конгантиевдин мандаты 10-мартта өзү жазган арызынын негизинде алынып, кийин ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалган.

Добуштардын саны боюнча андан кийинки орунда турган Чыңгыз Айдарбековго мандат берилбей жаткан. Боршайком муну талапкердин соттуулугу бар-жогуна байланыштуу Ички иштер министрлигинен (ИИМ) маалымкат күтүп жатканы менен байланыштырган.

14-апрелде Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Чыңгыз Айдарбековдун үйүндө тинтүү жүргүзгөн. Ушул эле күнү ага Кылмыш-жаза кодексинин “Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айыбы угузулуп, өлкөдөн чыгууга тыюу салынган. ИИМ Чыңгыз Айдарбековду тышкы иштер министри болуп иштеп турганда бюджеттик каражатты мыйзамсыз чыгымдаган деп айыптаган.

15-апрелде ИИМ дагы кошумча маалымат таратып, Чыңгыз Айдарбековго козголгон кылмыш ишин тергөөдө анын дипломаттык ишмердиги учурундагы мыйзамсыз иштери аныкталганын билдирген.

Чыңгыз Айдарбеков “Азаттыкка” комментарий берип, жемкорлук жана аткезчилик иштерге тиешеси жок экенин айткан. (BTo)

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG