Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:42

Иран АКШ менен сүйлөшүүдө жылыш болгонун, негизги пикир келишпестик кала бергенин билдирди

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи  (солдо) жана Пакистандын армия башчысы Асим Мунир. Тегеран, 15-апрель, 2026-жыл
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи (солдо) жана Пакистандын армия башчысы Асим Мунир. Тегеран, 15-апрель, 2026-жыл

Иран менен Кошмо Штаттар Пакистандын арачылыгы менен жүргөн сүйлөшүүлөрдө чектелген прогресске жетишти, бирок негизги пикир келишпестиктер кала берүүдө. Бул тууралуу Ирандын расмий өкүлдөрүнүн бири билдирди.

Рейтер агенттиги жазганына караганда, ал “Пакистандын армия башчысы (Асим Мунирдин) Тегеранга сапары айрым чөйрөлөрдө ошол талаштуу маселелерди азайтууда натыйжалуу болду, бирок өзөктүк программанын айланасындагы негизги талаш кала берүүдө. Ок атышпоону узартуу жана сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасын өткөрүү үмүтү пайда болду”, - деп айтты.

Тегерандын өкүлү белгилегендей, “Ирандын жогорку деңгээлде байытылган уранынын тагдыры жана уран байытууга чектөө өзгөчө катуу талашка түшкөн. Бул маселелерди чечүү жолдору табыла элек”.

Асим Мунир Тегеранга 15-апрелде барып кеткен. Бир жумадай мурун Исламабадда тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн биринчи раунду уюштурулган.

АКШ менен Иран Пакистандын ортомчулугу менен 8-апрелде убактылуу жарашуу жөнүндө макулдашып, тынчтык сүйлөшүүлөрүнө мүмкүнчүлүк түзгөн. Бирок согушка чекит коюу жаатында мунасага жетишилген жок.

Пакистандын Тышкы иштер министрлиги экинчи айлампанын датасы аныктала электигин билдирди.

14-апрелде америкалык президент Дональд Трамп Иран менен сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы жакынкы бир-эки күндө кайра жанданышы мүмкүн экенин айткан.

Ага чейин бир катар маалымат каражаттары Пакистан ушул аптанын аягында сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасын уюштурууга аракет кылып жатканын жазышкан.

Бул маалыматтар АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс берген интервьюдан кийин чыккан. Ал Исламабаддагы сүйлөшүүлөрдө «чоң жылыш» болгонун айтып, кийинки жолугушуулар өтүшү мүмкүн экенин белгилеген.

Ал арада Пакистандын өкмөт башчысы Шехбаз Шариф бейшембиде Катарда жолугушууларды өткөрүп жатат.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG