Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:25

Орусиянын соккусунан Украинада ондон ашуун адам жараат алды

Одессага жасалган соккунун кесепети. Украина. 18-апрель, 2026-жыл.
Одессага жасалган соккунун кесепети. Украина. 18-апрель, 2026-жыл.

Украин Куралдуу күчтөрү маалымдагандай, 18-апрелге караган түндө Орусия армиясы Украинага Shahed, Herbera, Italmas жана башка үлгүдөгү 219 дрон менен чабуул жасады. Анын ичинен 190у жок кылынды. 28 дрон 17 жерге, айрымдарынын сыныктары тогуз жерге түшкөнү кабарланды.

Одесса облусунда орусиялык дрондордун соккусунан порттогу жана өнөр жай тармагындагы инфратүзүм жабыркады, бир адам жаракат алды. Бул тууралуу Одесса аскер аймагынын башчысы Олег Кипер маалымдап, соккудан чыккан өрттөр өчүрүлгөнүн жазды.

Дрон чабуулунан Чернигов облусунун Нежинский районунда энергетикалык объект жабыркап, 380 миң керектөөчү электр жарыгысыз калганын, анын 25 миңи Черниговдо экенин "Черниговоблэнерго" мекемеси маалымдады.

Запорожье облусунда 46 айыл дрон чабуулуна жана аткылоого кабылганын облус башчысы Иван Федоров билдирди. Кеминде он адам жаракат алып, кыйроолор катталган.

Харьковдо түнкү чабуулдардан үч адам жаракат алганын облустук прокуратура кабарлады. Мекеменин маалыматы боюнча, жума күнү саат 23:55 ченде орус армиясы Богодухов шаарына сокку урган. Дрон жер үйгө тийип, өрт чыккан. 63 жаштагы аял менен 42 жаштагы эркек киши жаракат алган. Андан тышкары Великий Бурлук поселогунда 78 жаштагы карыя жаракат алган. Прокуратуранын маалыматына караганда, Орусия "Герань-2" ракетасын колдонгон.

Херсон облусунда орус аскерлеринин чабуулунан жергиликтүү тургун оор жаракат алганын облустук аскердик администрация кабарлады. "Саат 7:50 чамасында орус аскерлери Белозеркадан алыс эмес жерде мопедде бараткан 64 жаштагы адамды дрон менен аткылашкан. Ал көптөгөн оор жараат алды, башы, мээси жана буттары жабыркады", - деп жазылган билдирүүдө.

Орусия Украинага 2022-жылы басып киргенден бери орус аскерлеринин соккусунан жайкын тургундар жабыркап, мерт кеткен учурлар көп экенин украин тарап белгилеп келет.


Шерине

XS
SM
MD
LG