Чернобыл апаатына 40 жыл болду
Экологдор орусиялык соккулар Чернобылдагы радиоактивдүү чаңдын жайылышына жеткириши мүмкүн экенин эскертүүдө. Былтыр күзүндө орусиялык дрон реакторду коргогон жабдуунун сырткы катмарын тешип өткөн. 1986-жылы 26-апрелде Украинадагы Чернобыл атомдук станциясынын төртүнчү реакторунда жарылуу болгондо ошол кездеги СССРдин чар тарабынан жүз миңдеген “ликвидатор” тазалоо иштерине тартылган. Арасында кыргызстандыктар да болгон. Андан бери туура 40 жыл өткөндөн кийин эгемен Украина дагы бир апаатка, Орусиянын кол салуусуна туш болуп отурат.
Шерине