Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 27-апрелде Кытайдын коргоо министри – мамлекеттик кеңешинин мүчөсү Дун Цзюн менен жолукту.
Жолугушууда кыргыз-кытай кызматташтыгы акыркы жылдары түрдүү чөйрөдө тездик менен өсүп жатканы белгиленип, буга эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын жолугушууларында жетишилген макулдашуулар себеп болгону айтылды.
Адылбек Касымалиев Кыргызстандын экономикасындагы жогорку көрсөткүчтөрдө Кытайдан тартылып жаткан инвестициянын да ролу чоң экенин белгиледи:
“Кыргызстан Кытай менен кызматташууну өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет жана негизги стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири катары карайт. Биз ошондой эле эл аралык уюмдардын, биринчи кезекте БУУ, ШКУ, “Кытай – Борбор Азия” кызматташтык форматы жана башкалардын алкагында активдүү кызматташып жатабыз. Биз кыргыз-кытай соода-экономикалык, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, мындан тышкары коопсуздук жана коргонуу жаатында да стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүгө умтулабыз”.
Кытайдын коргоо министри Дун Цзюн Адылбек Касымалиевге Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цяндын саламын жолдоду. Ошондой эле Кытай Кыргызстан менен ар тараптуу кызматташууга кызыкдар экенин, анын ичинде аскердик, коргоо жана коопсуздук багытында өнөктөштүктү улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Дун Цзюн Кыргызстанга Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин жыйынына катышуу үчүн келген. Быйыл бул уюмга Кыргызстан төрагалык кылып жатат.(ZKo)
Касымалиев Кытайдын коргоо министри менен эки өлкө алакасын талкуулады
Дагы караңыз
Шерине