Украин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Орусиянын Краснодар крайындагы Туапсе мунай иштетүүчү заводго дагы бир сокку урулганын, кесепеттин масштабы аныкталып жатканын билдирди.
Ага чейин аймактын бийлиги ишканада өрт тутанганын, эч ким жабыркабаганын маалымдаган.
Региондун губернатору Вениамин Кондратьев Туапсе округунун башчысына шилтеме менен билдиргендей, заводго жакын жашаган кишилер эвакуацияланды.
Ал жай үстүбүздөгү айда эки ирет соккуга кабылган. Натыйжада өрттү бир нече күн бою өчүрүшкөн, суу менен аба булганганы кабарланган. Нөшөр жаандан улам Туапсе дарыясы кирип, мунай менен аралаш суу ага чейин орнотулган тосмолордон ашып төгүлүп, Кара деңиздин акваториясына аккан.
«Кедр» басылмасы жарыялаган сүрөттөрдө шаардын үстүнөн калың түтүн көтөрүлүп жатканы көрүнүп турат. Орусиянын бийлиги чет өлкөлүк агенттер тизмесине киргизген басылманын кабарчысын полицияга маектешүүгө алып кетишкени маалымдалды.
Туапседеги мунай иштетүүчү завод экспортко иштейт. Украин куралдуу күчтөрү аны бутага алуу менен Орусиянын «аскердик-экономикалык дараметин төмөндөтүүнү» көздөгөнүн айтууда. Рейтер агенттигинин маалыматына ылайык, завод 16-апрелде болгон биринчи соккудан кийин мунай иштетүүнү токтоткон.
Орусиянын Коргоо министрлиги 28-апрелге караган түнү 186 пилотсуз учак атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Маалыматка караганда, Брянск облусунда бир киши жарадар болду, Белгороддо үч киши каза тапты, үчөө жаракат алды.
Шерине