Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:20

Ысык-Көлдө медицина кызматкери маянасынын аздыгына даттанды, министрлик жооп берди

Кыргызстандагы ооруканалардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы ооруканалардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлиги расмий маалымат таратып, Ысык-Көл райондук жалпы дарыгердик практика борборунун кызматкеринин эмгек акысынын эсептелиши боюнча түшүндүрмө берди.

Мекемеден билдиришкендей, министрлик аталган саламаттык сактоо уюмунун администрациясы менен биргеликте эмгек акынын эсептелишине текшерүү жана талдоо жүргүздү.

“Текшерүүнүн жыйынтыгында кызматкердин ставкасы кыскартылбаганы аныкталды. Кайрылуунун автору стоматология бөлүмүнүн санитаркасы кызматын ээлейт. Эмгек акы жогорулатылганга чейин анын эмгек акысы 1,5 ставкадан жана зыяндуу эмгек шарттары үчүн кошумча төлөмдү эске алуу менен түзүлүп келген. 2026-жылдын январь-март айларында ай сайын орточо төлөнүүчү сумма болжол менен 14 800 сомду түзгөн. 2026-жылдын апрель айынан тартып медициналык кызматкерлердин эмгек акысы жогорулатылгандан кийин, 1,5 ставка, зыяндуулук үчүн кошумча төлөм жана 5000 сом өлчөмүндөгү президенттик компенсацияны кошо эсептегенде, жалпы эсептелген сумма 32 720 сомду түзүп, колуна 26 741 сом берилген. Кызматкер менен эмгек акыны эсептөө тартиби боюнча кошумча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү”, – деп айтылат Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында.

6-майда социалдык тармактарда, анын ичинде Фейсбуктагы дарыгерлердин тайпасында медицина кызматкеринин маянасына байланыштуу видео тараган. Анда өзүн Ысык-Көл райондук жалпы дарыгердик практика борборунун санитаркасы деп тааныштырган аял буга чейин 1,5 ставка менен 14 миң сомдой алык алып келгенин, айлык көтөрүлгөн соң 5 сом кошулганын, бирок кайра 1 ставкага түшүрүлүп, кошулган сумма алынып калганын билдирген.

Медицина кызматкери жалгыз аял бой экенин айтып, “даттанса иштен кетиребиз” деп кооптонуп жатканын, ошондуктан өзүн видеодон көрсөтпөй жатканын тактаган. Кызматкер ошондой эле Мамлекеттик ипотекалык компаниядан үй алууга аракет кылса, маянасы 20 миң сомдон ашпаган үчүн кезекке тура албай жатканын белгилеген.

Марттын соңунда президент Садыр Жапаров айрым бюджеттик кызматкерлердин айлыгын 1-апрелден жана 1-сентябрдан тартып эки этап менен жогорулатуу боюнча жарлыкка кол койгон.

Буга чейин дарыгерлердин айлык акысы 1-апрелден тартып 100% көтөрүлөрүн саламаттык сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев 13-мартта парламентте “Ишеним” жана “Ала Тоо” депутаттык топторунун биргелешкен жыйынында билдирген. Анын сөзүнө караганда, алыскы аймактарда иштеген дарыгерлердин депозити 33 миң сомдон 66 миң сомго көбөйөт.

Улуттук статистика комитетинин эсебинде 2025-жылы Кыргызстанда орточо айлык 42 019 сом болду.

Кыргызстанда орточо айлыктын көрсөткүчү боюнча коомчулукта ар кандай талаш-тартыш бар. Айрымдар орточо эмгек маяна 40 миң сомго жетпей турганын айтышат. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG