Орусиянын Санарип өнүктүрүү министрлиги 9-майда Жеңиш күнүнө арналган иш-чараларда коопсуздугун камсыздоо максатында Москвада мобилдик интернет толук чектелерин расмий билдирди.
“Майрамдык иш-чаралардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Москвада мобилдик интернет, SMS кат алмашуу кызматтары убактылуу чектелет”, — деп жазылат министрликтин билдирүүсүндө.
Мекеме ошондой эле 7–8-май күндөрү Орусиянын борборунда коопсуздукка коркунуч жаралса, интернет “ыкчам тартипте” дагы чектелиши мүмкүн экенин белгиледи.
Байланыш операторлору 4-майдан тарта эле Москва жана Санкт-Петербург шаарларындагы абоненттерге 5-майдан 9-майга чейин мобилдик байланыш чектелиши мүмкүн экенин эскерте башташкан.
Орусиянын Коргоо министрлиги 4-майда 8–9-май күндөрүнө карата бир тараптуу ок атышууну токтотуу режимин жарыялаган. Буга жооп катары Украинанын президенти Владимир Зеленский 6-май түн ортосунан тарта “ок атышпоо режимин” жарыялаганын билдирген. Бирок анын айтымында, бул режимди дээрлик дароо эле орус армиясы бузган.
Орусия бийлиги Киевдин 6-майдын түн ортосунан тарта жарашуу тууралуу сунушуна расмий жооп берген эмес.
7-майга караган түнү Орусиянын бир нече аймагы дрондордун жапырт чабуулуна дуушар болгон. Орусиянын Коргоо министрлиги украиналык 347 дрон жок кылынганын маалымдады.
Брянск облусунун губернатору Александр Богомаз чабуулдан 13 адам жабыркаганын билдирди. Ошондой эле Тверь облусундагы Ржев шаары да чабуулга кабылган.
Украиналык Telegram каналдар Москва облусунун Наро-Фоминск шаарындагы Орусиянын Коргоо министрлигине караштуу “Нара” аскердик-логистикалык комплекси бутага алынганын жазышты. Бул маалымат азырынча расмий ырастала элек.
Шерине