Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:28

Eurovision: Ыр сынакты коштогон геосаясат, беш өлкөнүн бойкоту

Эмки шейшемби 12-майда Венада Eurovision ыр сынагы башталганы жатат. Эксперттер бул мурда болуп көрбөгөндөй саясий талаш-тартыш менен коштолгон маданий иш-чара болорун болжолдошот. Буга чейин Израилдин катышуусуна нааразы бир нече өлкө сынакка бойкот жарыялаган.

Европалык башка мамлекеттер музыкалык сынак саясий бейтараптуулуктун мейкиндиги болуп келгенин белгилешет.

Континенттеги беш ири телекомпания, арасында испаниялык RTVE жана ирландиялык RTE каналдары Израилдин катышуусуна каршы бойкот жарыялашты.

Алар мындай жол менен Израилдин Газадагы согуштук аракеттерине нааразылыгын билдиришкен. Уруш 2023-жылдын октябрында АКШ менен Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС согушкер тобунун чабуулуна жооп катары башталган. Былтыр күздө ок атууну токтотуу макулдашылган.

“Евровидение саясий иш-чарага айланбашы керек. Бирок саясат аралашкан учурлар бар. Бул жолу да ошондой болду. Израилдин катышуусу азыркыга чейин талаш-тартыш жаратып келет. Былтыр жыл аягында Исландия, Ирландия, Нидерланд, Словения жана Испания ырчыларын 70-сынакка жөнөтпөй турганын жарыялаган. Бул ошол өлкөлөрдө конкурс эфирден көрсөтүлбөйт дегенди билдирет. Абдан өкүнүчтүү, бирок алар Израил менен жанаша турбайбыз деген чечими кабыл алышты. Келерки жылы кайтып келеби же жокпу, аны көрөбүз", - деп айтты Рейтер агенттигине Евровидение боюнча доктордук ишин жактаган эксперт Пол Жордан.

Анын айтымында, конкурста ар дайым саясат кандайдыр бир ролду ойноп келген. Бирок акыркы саясий чыңалуу мурдагыларга караганда даана байкалганын, анын себебинин бири социалдык тармактар болушу мүмкүн экенин белгиледи.

Израилдин катышуусуна каршы чакырыктар акыркы жарыштарга мүнөздүү болуп калды.

2017-жылы конкурс Киевде өткөн.
2017-жылы конкурс Киевде өткөн.

2022-жылы Москва Украинага кол салгандан кийин Европанын телеберүүлөр биримдиги (EBU) Орусиянын өкүлдөрү ыр сынагына катышпай турганын билдирген. Орусиянын аракети уюмдун баалуулуктарына каршы келери, согуштун фонунда өлкөнүн катышуусу жарышты дискредитация кылары айтылган.

Жордан Израил менен Орусияга байланышкан кырдаал бири-биринен айырмаланарын түшүндүрдү:

“Орусиянын телекомпаниясы өкмөттүн пропагандасын таратып келгени үчүн четтетилген. Израилдин телеканалы сынактын эрежелерин бузган эмес. Бирок Орусия Украинадагы согушка байланыштуу четтетилбегенин белгилөө зарыл. Иш жүзүндө эреже бузган телеканалды катыштырбай коюшкан”.

Бойкот ыр сынагына кандай таасир этиши ыктымал?

Жордан түшүндүргөндөй, бойкоттун залакасы түрдүү болушу мүмкүн. Алсак, көрүүчүлөрдүн саны азайып, ырчылардын катышуу акысы балким көтөрүлөт.

Эксперт кошумчалагандай, Израил финалда жеңишке жакындаса, анда залдагы атмосфера кескин чыңалышы ыктымал.

Ал акыркы мезгилде Eurovision маалында коопсуздук чаралары дайыма күчөтүлөрүн белгилейт. Соңку 20 жылда көрүүчүлөрдүн сахнага чуркап чыккан учурлары көп катталган.

Былтыркы конкурстун жеңүүчүсү JJ
Былтыркы конкурстун жеңүүчүсү JJ

Вена шаарынын полициясы 5-майда билдиргендей, Израилдин катышуусуна каршы ири акциялар күтүлүп жатат. Алардын айтымында, иш-чараны үзгүлтүккө учуратуу, бөгөттөө аракеттери көрүлүшү мүмкүн.

Коопсуздукту камсыздоого көп сандагы полиция кызматкерлери тартылмакчы.

“Менимче, бойкоттор менен саясий чыңалуу алдынкы жылдарда сынакка таасир этпей койбойт. Көптөгөн кишилер соңку окуяларга катуу таасирленди. Көптөнгөн телекомпанияларга бир топ суроолорго жооп берүүгө туура келет. Европанын телеберүүлөр биримдиги кырдаалды жөнгө салуу үчүн жакшы аракеттенди деп айта албайбыз. Жалпы жонунан Eurovision жашап кетет деп ойлойм. Буга убакыт керек", -дейт Жордан.

Былтыр JJ аттуу ырчы жеңгенден кийин Eurovision ыр сынагын уюштуруу укугу Австрияга берилген. Өлкө буга чейин 1967 жана 2015-жылдары эл аралык конкурсту кабыл алган.

35 өлкө катыша турган мелдештин финалы 16-майда болот.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG