Казак парламентинин депутаттары "Казак жумуриятынын президенти тууралуу" конституциялык мыйзамды биринчи окууда карады.
Бул жаңы конституция июлдун аягында күчүнө киргенден кийинки жаңы саясий системанын негизги документтеринин бири болуп калмакчы.
Мыйзам долбоорун сунуш кылган юстиция министри Ерлан Сарсембаевдин айтымында, 43 беренеден турган документ президенттин жана вице-президенттин макамдарын, ыйгарым-укуктарын жана парламент (жаңыча курултай) менен иш алып баруусун аныктайт.
Бийлик реформаны "саясий модернизация" багытынын уландысы деп атайт. Токаев "Күчтүү президент-таасирдүү парламент-отчет берип турган өкмөт" деген формуланы сунуш кылган. Бирок сөз болгон мыйзам долбооруна караганда, реформадан кийин да президент кеңири ыйгарымдарды жана негизги мамлекеттик институттарга таасирин сактап калат.
Мисалы ал баш прокурорду, Улуттук банктын төрагасын, Улуттук коопсуздук комитетинин, Конституциялык соттун, Борбордук шайлоо комиссиясынын, Жогорку аудит палатасынын жана мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчилерин, Омбудсменди өз алдынча дайындайт.
Айрым кызматтарга дайындоолор курултай менен кеңешип жүргүзүлмөкчү.
Документте 2022-жылдагы "Январь окуяларынан" кийин киргизилген чектөөлөр сакталат. Президент кызматты бир эле жолу, жети жыл аркалайт, ал саясий партияларга мүчө болбоого тийиш, жакын туугандарына жогорку мамлекеттик кызматтарды ээлөөгө тыюу салынат.
Жаңы Баш мыйзам быйыл мартта жалпы элдик референдумда жактырылган.
Бийлик аны "суперпрезиденттик" моделден башкаруунун тең салмактуу системасына өтүү деп сыпаттаган. Референдумдан кийин бир палаталуу курултай түзүлөрү, вице-президент институту киргизилери жана ыйгарым-укуктар бийлик бутактары ортосунда бөлүштүрүүлөрү жарыяланган.
Реформаны сындагандар "демократташтыруу" билдирүүлөрүнө карабай, башкаруунун негизги рычагдары президенттин колунда кала бергенин, жаңы институттар аткаруу бийлигине көз каранды бойдон каларын белгилешкен.
Шерине