Президент Садыр Жапаров 15-майда Казакстандын Түркстан шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУга) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын бейформал саммитинин алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Президенттин администрациясы билдиргендей, тараптар соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-логистикалык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда биргелешкен демилгелерди илгерилетүүгө өзгөчө көңүл бурушту.
Президент андан соң "Түрк цивилизациясынын борборунун” пайдубалына мезгил кутусун салуу аземине катышты.
Азем Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстандын лидерлеринин катышуусунда видеоконференция режиминде өттү.
"Түрк цивилизациясынын борбору" долбоору түрк элдеринин тарыхый-маданий мурастарын сактоого, изилдөөгө жана жайылтууга багытталган. Борбор түрк дүйнөсүнүн руханий борборлорунун бири болуп эсептелген Түркстан шаарында курулат.
Президенттерге ошондой эле жасалма интеллект экономикасын өнүктүрүү жана уюмга мүчө өлкөлөрдүн санариптик өз ара кызматташуусуна багытталган стратегия сунушталды.
Казакстан тарап санариптик инфраструктура, жасалма интеллект, спутник байланышы жана эсептөө кубаттуулугун өнүктүрүү чөйрөлөрүндө ишке ашырылып жаткан демилгелер тууралуу маалымат берди. Мамлекеттик башкаруу системасына санариптик чечимдерди киргизүү ыкмалары да көрсөтүлдү.
ТМУнун бейформал саммитинде сөз сүйлөгөн президент Жапаров саммиттин жасалма интеллектке жана санариптик өнүгүүгө арналган темасы дүйнөлүк заман талабындагы тенденцияларды түздөн-түз чагылдырарын, анткени технологиялар экономикалык өсүштүн жана глобалдык атаандаштыктын негизги фактору болуп калганын баса белгиледи.
Ал өз алдынча геоэкономикалык жана технологиялык борборду түзүү үчүн санариптештирүү жана жасалма интеллект жаатында түрк мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүнө токтолду.
Мамлекет башчысы Кыргызстандын санариптештирүү жаатындагы жетишкендиктери тууралуу да айтып берди. Ал өлкөдө Санариптик кодекс иштеп жатканын, жарандарга онлайн форматта 195 мамлекеттик кызмат көрсөтүү жеткиликтүү болгон “Түндүк”порталы активдүү өнүгүп жатканын, санариптик технологиялар мамлекеттин, бизнестин жана жарандардын күнүмдүк турмушуна кеңири интеграцияланганын белгиледи.
ТМУга мүчө мамлекеттердин башчылары саммиттин соңунда биргелешкен декларацияга кол коюшту.
Саммит катышуучулары “Азрет Султан” улуттук тарыхый-маданий музей-коругуна жана Кожо Ахмед Ясавинин күмбөзүнө барышты.
Шерине