Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:39

Ирандык генерал тынчтык сүйлөшүүлөрү боюнча Тегерандын шарттарын атады

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (IRGC) мурдагы командачысы Mохаммад Али Жафари.
Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (IRGC) мурдагы командачысы Mохаммад Али Жафари.

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (IRGC) мурдагы командачысы Mохаммад Али Жафари Ирандын тынчтык сүйлөшүүлөрү боюнча шарттарын атады.

Анын айтымында, «согуш бардык фронттордо токтомоюнча, санкциялар алынмайынча, камактагы каражаттар кайтарылмайынча, согуштан келтирилген чыгым төлөнмөйүнчө жана Ирандын Ормуз кысыгындагы суверенитети таанылмайынча» мындан ары тынчтык сүйлөшүүлөрү болбойт.

Жафари мындай билдирүүнү сакчылар корпусуна жакын «Тасним» агенттигине курган маегинде айтты.

Азыркы бийликтеги анын расмий ролу так эмес.

Иран «негизги шарттар» деп атаган бул беш пункт учурда Тегерандын көчөлөрүндөгү пропагандалык жарнактарга дагы жазылды.

Ошондой эле бул талаптар Ирандын жаңы тынчтык сунушунун өзөгүн түзөт.

АКШ президенти Дональд Трамп бул сунушту «акылсыз» жана «кабыл алынгыс» деп атаган.

Жафари Иран АКШ менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан учурда эки жолу чабуулга кабылганын айтып, «биз душманга толук ишенбейбиз» деди.

«Сүйлөшүүлөр учурунда согушту кайра баштап, берген убадаларын бузганы жана чыккынчылык кылганы үчүн душман жооп бериши керек», — деди ал.

АКШ менен Израил бул операцияларды алдын ала жасалган аскердик чаралар катары мүнөздөп, алар активдүү тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн учурунда себепсиз жасалган чабуулдар эмес деп билдиришкен.

Жафаринин билдирүүсү Ирандын расмий позициясын чагылдырабы же жокпу, белгисиз.

«Биздин логика мындай. Адегенде ишеним жаратуучу чаралар көрүлүшү керек, андан кийин гана кийинки баскычка өтүп, өзөктүк маселелер боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. Ошондон кийин гана чечим кабыл алууга болот. Бул жасалмайынча кийинки баскычка өтүүнүн мааниси жок», — деди ал.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG