Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:13

Кыргызстанда Тажикстандын маданият күндөрү өтөт

Тажикстан. Дүйшөмбү шаарындагы кинофестивалдардын бири. Архив
Тажикстан. Дүйшөмбү шаарындагы кинофестивалдардын бири. Архив

Тажикстандын маданият күндөрү Бишкекте 17–майда башталат. 21-майда аяктай турган саамалыкка коңшу өлкөдөн 94 адамдан турган расмий жана чыгармачыл делегациясы келет.

Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маданият күндөрүнүн алкагында концерттик программалар, сүрөт көргөзмөлөрү, илимий-адабий жолугушуулар жана көркөм тасмалардын көрсөтүлүшү уюштурулат.

Бул иш-чаралар эки элдин маданий байланыштарын чыңдоого жана достук мамилелерди тереңдетүүгө багытталган.

Негизги саамалыктар Бишкекте өтөт, 21-майда Чолпон-Ата шаарындагы "Рух-Ордо" маданий борборунда жыйынтыкталат.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG