Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:51

Орусиянын Украинага соккуларынан бери дегенде 30 киши жараат алды

Украина, Днепр. 18-май, 2026-жыл
Украина, Днепр. 18-май, 2026-жыл

Орусиянын армиясы 18-майга караган түнү Украинанын аймактарына сокку урганда кеминде 30 киши жараат алды.

Украинанын Аба күчтөрү билдиргендей, орус армиясы 524 дрон жана 22 ракета менен чабуул койду. Анын ичинен төрт ракета менен 503 дрон атып түшүрүлдү.

Днепропетров облусунда 26 киши түрдүү жаракат алды, анын экөө балдар экенин Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматы билдирди.

Днепр шаарында жер тамдарда жана окуу жайдын имаратында өрт чыкты. Көп кабаттуу үйлөр жана башка турак жайларга, диний имаратка, жергиликтүү ишканаларга зыян келтирилди.

Кривой Рогдо да ишканалар жана шаардык инфраструктура зыян тартты.

Чернигов облусунун Корюков районунда эки конушта турак жайлар менен автоунаа өрттөнүп, эки киши жараат алды. Кировоград облусунда да жеке үйдө өрт тутанды.

Одессада дрон чабуулунан эки киши жабыркады, арасында 11 жаштагы бала да бар. Бир кабаттуу турак жайлар талкаланды.

17-майда Украина соңку бир жылдан бери Москва шаарын жана Москва облусун бутага алган. Москванын мэри Сергей Собяниндин маалыматында, бир суткада баш калааны 120дан ашуун учкучсуз учак бутага алган. Москва жана Подмосковьеде үч киши каза тапты, ондон ашууну жараат алды. Бир нече турак жай, мунай ишканалары жана инфраструктура жабыркады.

Украин президенти Владимир Зеленский чабуулду Орусиянын соккуларына карата адилет жооп деп сыпаттады. Ал Украинанын алыскы аралыкка ийгиликтүү соккулары "кырдаалды жана орусиялык согуш тууралуу жалпы дүйнөлүк түшүнүктү олуттуу өзгөртөрүн" айтты.

Орусия Украинага негизсиз кол салган 2022-жылдын февралынан бери күн сайын сокку уруп, бейкүнөө киши өлүмү, жараат алгандар көбөйдү. Киев Москванын согушуна жооп иретинде, орусиялык мунай заводдорун жана башка армияны каржылаган объектилерге маал-маалы менен сокку уруп келатат.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG