Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:32

"Бутту кеспей сактап калдык". Кант диабетинин азабынан куткарган адис

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда кант диабетине чалдыккандардын саны өсүүдө. Расмий маалыматтарга таянсак, учурда 90 миңдей адам бул оору менен каттоодо турат. Диабет бейтаптын көзүн, бөйрөгүн жана нерв системасын иштен чыгарганы менен кооптуу. Айрыкча нервдер жабыркаганда адам бутунан ажырашы мүмкүн.

Кыргызстанда диабетикалык бут синдромуна чалдыккан бейтаптардын көбүнүн бутун кесүүгө туура келет. Бирок жакындан тарта Кыргызстанда андай ыкмадан баш тартып, бутту сактап калууга ыктаган “ПодоМед” клиникасы иштеп жатат.

Бишкектин тургуну Кубатбек Орозбаев ушул клиникада операция болгон. Ал буту ириңдеп кеткенге чейин кант диабетине чалдыкканын сезген эмес. Элүү беш жаштагы бейтап учурда балдактын жардамы менен басып жүрөт.

Кубатбек Орозбаев.
Кубатбек Орозбаев.

“Диабет болгонумду билген эмесмин. Ыңгайсыз бут кийим өйкөп койгон экен. Шиший баштады. Башында көңүл бурган жок элем. Басканда ыңгайсыз болуп күчөп кетти. Мамлекеттик ооруканага кайрылсам, "тез арада ампутация кылыш керек" дешкен. Анан ушул ооруканага келдим. Дарыгерлер көрөрү менен дароо жаткырып, операция кылышты. “Байке коркпоңуз, бутту сактап калабыз” дешти. Азыр гипс менен жүрөм. Ооруканада бир ай жаттым, азыр күн сайын таңууга келип жүрөм. Абалым жакшы. Бул жерге жаткандан кийин гана эндокринологго көрүндүм. Диабеттин дарыларын ичип жатам, бирок каттоого тура элекмин”.

Айгүл Бекенбаева Ысык-Көлдүн Тоң районунан келген. Элүү үч жаштагы бейтапка буту ириңдеп кеткенден кийин гана кант диабети деген диагноз коюлган.

Айгүл Бекенбаева.
Айгүл Бекенбаева.

“Бөкөнбаев айылынан келдим. Бутум күйүп калып, ириңдеп кетиптир. Төрт-беш күндө эле күчөп кетти. Мурда буттарым чымырап турчу. Көрсө кант диабети пайда болуптур да. Белгилерин деле байкаган эмесмин. Диабет пайда болгондо суусап же бир жерин кесип алса бүтпөйт дешет го. Андай болгон жок да. Уйкум кичине бузулган. Дене же ооз кургап белги берген эмес. Атам деле кант диабети менен ооруп, 68 жашка чейин жашаган. Буга чейин кант диабети андай белгилерди бербей эле бутту ириңдетерин көргөн да, уккан да эмесмин. Операциядан кийин бул жакта болушум керек экен, жакшы болуп калсам айылга кетем го”.

"Диабет болгонун билбей, буту кесилгендер көп"

Максат Бообеков диабетикалык бут синдромун дарылаган Кыргызстандагы саналуу дарыгерлердин бири. Түркияда билим алган. Кыргызстанда төрт жылдан бери иштеп келет. Подиатрлардын бүткүл дүйнөлүк уюмунун мүчөсү. Ал медицинанын бул жаатын жакынкы келечекте өнүктүрүү керек деп эсептейт.

Максат Бообеков.
Максат Бообеков.

- Максат мырза, саламатсызбы? Соңку кезде расмий маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда 90 миңдей адам кант диабети менен каттоодо турат экен. Бирок реалдуу сан мындан да көп экени айтылып келет.

- Кант диабети баарыбызга маалым болгондой, дүйнөдө чоң маселеге айланды. Дүйнөлүк статистикага жана өнүккөн өлкөлөрдүн мисалына таянсак, азыр тогуз кишинин бирөөнөн диабет чыгууда. Кыргызстанда учурда 90 миңдей адам диабет менен ооруйт. Бейрасмий эсепте бул сан 300 миңге чукул. Ар бирибиздин же тууганыбыз, же кошунабыз, же тааныштарыбыз бул дарттан жапа чегүүдө. Бирөө кант диабети менен ооруганын уксак, таң калбай деле калдык. Эң эле коркунучтуусу диабет мурда 50 жаштан жогоруларда кездешчү. Азыр оору жашарып, 30 жаштагы адамдардан да чыга баштады. Бир сөз менен айтканда кант диабети - уйку безинен инсулин гормону бөлүнүп чыкпай же аны сезе турган рецепторлордун жакшы иштебей калышы. Мындан улам биздин клеткаларда колдонулбай калган канттын өлчөмү каныбызда жогорулап кетет. Тилекке каршы, бул жогорулоо ички органдарга терс таасирин тийгизет. Бейтаптын көзү начарлайт, бөйрөгү иштебей гемодиализге түшүп калат. Дагы бир оор кесепети - "диабетикалык бут" синдрому.

Кант диабети өтүшүп кетсе
Кант диабети өтүшүп кетсе

- Сиз ошол диабетикалык бут синдромун дарылаган адиссиз?

- Подиатрмын. Бул эми медицинадагы жаңы тармак. Подиатрлар бир эле диабетти эмес башка бут ооруларын дагы дарылайт. Бирок эң башкы максат – диабетке чалдыккан бейтаптын бутун сактап калуу. Жогоруда атап кеткендей, 300 миңдей бейтап Кыргызстан үчүн чоң цифра. Адам бул ооруга чалдыкканын сезбей жүрө бериши мүмкүн. Беш жыл мурда башталса, бизге келгенде органдар жабыркап калган болот. Андай учурда биз оору менен эмес, кесепеттери менен күрөшөбүз. Медицинада буттун нервдери жабыркаганы нейропатия деп аталат. Канда канттын деңгээлинин жогору болушу нерв клеткаларын жабыркатат. Биздин бутубузда нерв клеткалары аябай көп, айрыкча таманда. Ошон үчүн бут кийим өйкөсө же тикен кирип кетсе дароо сезебиз. Башкача айтканда, оору организмдеги өзгөрүүдөн кабар берчү коңгуроо. Нейропатияда ошол ооруну сездирген нерв клеткалары өлүп, бут сезгичтигин жоготот. Ташты басып алса да, күйүп калса да, тырмактары ириңдеп кетсе да байкабай жүрө беришет. Ошондуктан, көп бейтаптардын буту гангрена болуп кесилип жатат. Алардын 50% ампутациядан көп өтпөй каза болот. Калган 50 пайызынын беш жылдык өмүр сүрүү көрсөткүчү дагы өтө төмөн. Биздин максат - ошого жол бербей, адамдын бутун сактап калуу. Элге көбүрөөк маалымат берүү, эрте диагноз коюп, бутка кам көрүүнү үйрөтүү. Диабет дүйнөдө кымбат оору болуп эсептелет. Бир эле жарандын буту кесилгени анын өзүнө да, үй-бүлөсүнө да, мамлекетке да оорчулук жаратып жатпайбы. Адам майып болот, аны бирөө караш керек, социалдык жардам керек дегендей.

- Айрым маалыматтарга таянсак, кант диабети пайда болорго беш жыл калганда белги берет экен. Сизде бул тууралуу маалыматтар барбы?

- Негизи диабеттин эки түрү бар. Биринчи түрү балдарда кездешет. Анын эмнеден улам пайда болору азырынча белгисиз. Бул инсулиндин жоктугуна байланыштуу оору. Жалпы диабет статистикасынын бир 3-5 пайызын түзүшү мүмкүн. Ал эми диабеттин экинчи тибинин пайда болушуна көп факторлор таасир этет. "Бул оору тукум кууйбу?" деп сурагандар арбын. Бирок генден өтөт деп так кесе айтуу кыйын. Бирок эми ата-эне туура эмес тамактанса, балага деле ошол адат өтөт да. Балдарыбыз бизди көрүп чоңоет эмеспи. Кыймылдабасак, алар дагы кыймылдабайт дегендей. Кант диабетин пайда кылган дагы бир чоң себеп – стресс. Жашоодо стресстен кийин диабет болуп калгандарды көп көрөбүз. Экинчи типтеги диабетти ооздукташ өз колубузда. Диабеттин алды деп коет. Эгер салмак ашыкча болсо, кыймыл аз болсо анда жашоо таризин өзгөртүү керек. Кээ бир адамдар тамактан кийин шалдырап уйкусу келсе, ачка болгондо титирейт. Бул дагы диабеттин алгачкы белгилери. Кыймылдабаган, чылым чеккен же башка жаман адаттары бар адамдар тобокел тобуна кирет. Адам өз убагында дарыгерге кайрылып, диета кармап, жашоо таризин өзгөртсө диабет болбой эле жашайт. Анткени биз баарыбыз эле кант жейбиз. Картөшкө жесек да, күрүч жесек да, нан жесек да ал глюкозага айланат. Биздин клеткалар аны энергия катары колдонот. Глюкоза деңгээли көбөйүп кеткен учурда гана диабет деп аталат.

- Жылына бир жолу кан тапшырып туруш керекпи?

- Мен кыргызстандыктар ден соолугун жок дегенде жылына бир текшертип турса деп кыялданам. Кыргызстанда кандагы кантты дарыканага же бейтапканага кирип эле акысыз текшертсе болот. Азыр баары жеткиликтүү болуп калды. Кандагы канттын өлчөмүн билүү бизди кийинки кесепеттерден сактайт. Тилекке каршы, айрым бейтаптар бутунун жарааты өрчүп кеткенде келишет. Диабетке чалдыкканын бул жактан биз аныктап жатабыз. Көп кишиде подиатрия тууралуу маалымат жок. Ошол себептүү алар бутунан жараат алганда түз эле хирургга же ортопедге, же дерматологго барат. Мен Кыргызстанга төрт жыл мурда келип, Ошко бир, Бишкекке эки клиника ачтым. Бизге айрыкча, аймактардан көп кайрылышат. Эгер ошол жактагы адистерди үйрөтүп, ооруну алдын алсак, элге да, мамлекетке да пайдабыз тиерине ишенем.

- Бир маалыматтардан окуп калдым, диабеттин жаңы чыккан дарылары көздү, бөйрөктү же нервдерди кошо дарылайт деп жүрөт.

- Андай дарылар азырынча чыга элек. Диабеттин эң негизги дарысы – бул маалымдуулук. Азыр интернет деген бар. Адам маалыматтарды окуп, ден соолугу үчүн жоопкерчилик алууга тийиш. Экинчиси - ооруну туура кабыл алуу. Эгер бейтап ооруну психологиялык жактан кабыл албаса, диета кармабаса, жашоо таризин өзгөртпөсө кымбат дары деле жардам бербейт. Диабеттин дарылары онкологиялык оорулардыкындай өтө кымбат эмес. Болгону бейтап маалымат алып, өзүнө кам көргөндү үйрөнгөнү жетиштүү. Кант диабети пайда болгондон кийин өмүр бою калат. Ошону өтүштүрүп жибербей, кармаганды билиш керек. Мага эч нерсе болбойт деп тойго барып, баарын жей берсек албетте ооруп калабыз.

- Кант диабети жакырчылыктын оорусу эмеспи? Колунда жок адамдар негизинен ак нан, шекер, картөшкө өңдүү азыктарды жейт да. Эт, балык алганга баарынын эле чама-чаркы жетпейт дегендей?

- Тескерисинче, колунда барлардын оорусу десек болот. Мындан 40 жыл мурда элдин баары машине минчү эмес. Тез татымдар жок эле. Азыр машине менен жүрөбүз, тез татым жейбиз, таттуулар жетиштүү. Мунун баары албетте семирүүгө, ал өз кезегинде диабетке алып келет. Биз төрт нерсени – ак нанды, шекерди, тузду, күрүчтү чектешибиз керек. Кыргызстанда Кудайга шүгүр жашылча-жемиш көп эле. Биз тамакты эмне үчүн жейбиз? Анткени ал энергия берет. Биз жеген тамактар кечирээк сиңип, энергияга айланса ал пайдалуу. Эгер астыңызга палоо менен арпа акшагын (перловка) же гречканы койсо сиз ашты тандайсыз да, туурабы? Бирок арпа менен гречка майлуу ашка караганда пайдалуу, кечирээк сиңет. Ошол эле таттуу токочтор, тез татымдар бизге жагымдуу сезим тартуулайт. Анткени дароо канга сиңип, глюкозага айланат да. Бирок көп жей берсе дене ошого көнүп, адатка айланат. Акырындап организмдеги глюкозанын деңгээли бузулат. Адам семирип, ал диабетке алып келиши мүмкүн.

- Кант диабетине чалдыккан айрым адамдар өтө арыктап, кичирейип кетет экен го.

- Энергия алыш үчүн бизге глюкоза керек. Глюкозаны клеткага инсулин гормону жеткирет. Ошол гормон иштебей калганда клеткага глюкоза кирбей калат. Анан клеткалар ачка калгандыктан булчуңдарды жеп, өзүн азыктандыра баштайт. Ошол кезде адам арыктап, колу-бут ичкерип кетет. Кээде бизге бейтаптар бир канча оору менен келет. Кээ биринин сөөгү морт болот, Д витамини жетишсиз, жүрөгү ооруйт дегендей. Негизи сөөк бекем болсо, инфекцияга туруштук берет. Борпоң болсо териге чыккан жара бат эле сөөккө чаап кетет. Ошондой учурда комплекстүү дарылайбыз. Бизге буту ампутация болгондон кийин келгендер дагы бар. Көбү өзүн таштап, чөгүп кеткенин көрөбүз. Андай учурда психологиялык жактан колдоо көрсөтөбүз, протез колдонобуз, бастырабыз, реабилитация кылабыз дегендей. Кыскасы, комплекстүү дарылайбыз.

- Подиатрия деген багыт биздин Медициналык академияда окутулабы?

- Жана айтып кеткендей, подиатрия заман талабына жараша пайда болгон жаңы багыт. Өнүккөн өлкөлөрдө деле эми телчигип жатат. Айрым өлкөлөрдө таптакыр эле жок. Бир жакшы жаңылык, жакында Кыргызстанда диабетикалык бут синдромуна тиешелүү адистердин башын кошуп, ассоциация түздүк. 5-июнда мындан кийин Кыргызстанда кандай кылабыз, кантип ооруну алдын алабыз деген талкуу өткөрөбүз. Диабетикалык бут боюнча дүйнөлүк уюм бар. Мен анын Кыргызстандагы өкүлүмүн. Уюмдун дарылоо протоколдорун кыргызча которуп чыктык. Эми бул жактагы адистерди чогултуп, Кыргызстанга ыңгайлаштырылган өзүбүздүн протоколубузду түзүп, жайылтууга аракет кылабыз.

Биздин Медициналык академияда подиатрия факультети азырынча жок. Түркияда деле үч жылдык подология деп жаңы ачылып жатат. Бирок ал жерде көбүнчө медайымдарды, дарыгердин жардамчыларын даярдашат. Подиатрияны жогорку билими бар дарыгерлер гана окуп, кайда даярдоодон өтүшүүдө. Бул эми хирургия, ортопедия, травматология, неврология, дерматология ж.б. башын кошкон адистик. Алар нейропатиядан баштап буттун бардык ооруларын дарылайт. Бут - бизди көтөрүп турган, көз сыяктуу эле маанилүү орган. Бутка байланыштуу оорулар көп учурда механикалык себептерден болот, кайрып алабыз, сындырып алабыз, өйкөлөт дегендей. Ошол себептүү башка тармактардан айырмаланып, подиатрияда биомеханика дагы окутулат.

Маекти видеодон да көрсөңүз болот.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG