Кытай 25-майда өзүнүн космостук станциясына үч астронавтын жөнөттү. Алардын бири орбитада бир жыл калат. Бул Кытай үчүн эң узак космостук миссия болуп эсептелет.
Мындай эксперименттер Бээжиндин 2030-жылга чейин Айга адам кондуруу амбициясынын алкагында узак мөөнөттүү космос шарттарынын адам организмине тийгизген таасирин изилдөөгө жардам берет.
“Шэньчжоу-23” кемеси Кытайдын түндүк-батышындагы Цзюцюань космодромунан учурулду.
Экипаждын курамындагы Ли Цзяин мурда Гонконг полициясында инспектор болуп иштеген. Ал Гонконгдон чыккан алгачкы кытайлык астронавт. Калган экөө Кытайдын Элдик-боштондук армиясынын астронавттар бөлүмүнөн чыккан. Үчөөнүн бири “Тяньгун” космостук станциясында бир жылга калат.
Бул тарыхтагы эң узак космостук миссиялардын бири.
Кытай өзүнүн космостук станциясына буга чейин дээрлик он чакты жолу астронавт жөнөткөн.
Вашингтон Бээжинди Ай аймагын жана анын ресурстарын өздөштүрүп, казып алууга аракет кылууда деп айыптап келет. Кытай бул дооматтарды кескин четке каккан.
Кошмо Штаттардын NASA агенттиги 2028-жылы Айга адам кондурууну пландап жатат. Бул Кытай көздөгөндөн эки жыл эрте. Вашингтон Айда узак мөөнөттүү база түзүп, кийин Марска адам жөнөтүүнү көздөйт.
Апрель айында NASAнын төрт астронавты “Артемида II” миссиясынын алкагында Айды айланып тарыхый сапар жасашты. Бул акыркы жарым кылымдагы алгачкы адам башкарган Ай миссиясы болду.
Шерине