Украинанын Жогорку радасы Евробиримдиктен 90 млрд евро өлчөмүндө пайызсыз насыя алуу тууралуу келишимди 28-майда ратификациялады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Документти колдоп 298 депутат добуш берген.
Келишим жакынкы эки жыл ичинде Евробиримдиктен жалпы суммасы 90 миллиард еврого чейин каржылык жардам алууга мүмкүнчүлүк берет.
Бул каражат мамлекеттик бюджеттин тартыштыгын жабууга, макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылууга жана коргонуу-өнөр жай потенциалын чыңдоого, анын ичинде курал-жарак өндүрүүгө жана сатып алууга жумшалат.
Жогорку раданын билдирүүсүндө насыянын негизги суммасы Орусиядан өндүрүлө турган репарациялардын эсебинен гана төлөнөрү айтылат. (Эгер келечекте согуш аяктап, Орусия Украинага компенсация же репарация төлөп берүүгө милдеттендирилсе, ошол акчанын бир бөлүгү ушул насыяны жабууга жумшалат) Ал эми пайыздык төлөмдөрүн Евробиримдиктин бюжети жабат.
Башкача айтканда, Украина бул насыяны өз каражаты менен кайтарбайт деген механизм сунушталууда.
Еврошаркетке мүчө өлкөлөр бере турган 90 миллиард евро “бюжеттик” жана “аскердик” болуп экиге бөлүнөт.
“Аскердик” бөлүктүн алгачкы алты миллиард евролук траншы июнь айында эле которулат деп күтүлүүдө.
Ал эми “бюжеттик” бөлүктү алуу үчүн бир катар шарттар коюлган. Алардын арасында реформаларга байланыштуу мыйзам долбоорлорун кабыл алуу, айрыкча коррупцияга каршы багыттагы өзгөртүүлөр бар.
Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен бүгүн алгачкы төлөмдөр июнь айында эле башталышы мүмкүн экенин ырастады.
Бул насыянын бөлүнүшүн бир топ убакыт бою Венгриянын мурдагы премьер-министри Виктор Орбандын өкмөтү бөгөттөп келген.
Шерине