Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:29

Орусия Армениядан жашылча-жемиш импорттоого тыюу салат

Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян жана Орусиянын президенти Владимир Путин. 11-апрель, 2026-жыл.
Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян жана Орусиянын президенти Владимир Путин. 11-апрель, 2026-жыл.

Орусмянын Айыл чарба көзөмөл кызматы "Россельхознадзор" 30-майдан тартып Армениядан бадыраң, калемпир, кулпунай сыяктуу жашылча-жемиштердин түрлөрүн импорттоого тыюу салды. Маалыматка караганда "убактылуу чектөөлөр" коопсуздук чаралары камсыздалгыча күчүндө болот.

"Бул чечим Армениянын жашылча-жемиштерин импорттоодо эрежелердин такай бузулушуна байланыштуу, фитосанитардык коопсуздукту камсыздоо максатында кабыл алынды",-деп жазылат мекеме тараткан билдирүүдө.

Буга чейин "Россельхознадзор" Армениядан гүл алып кирүүгө тыюу салган. Андан тышкары "Роспотребнадзор" армениялык үч ири компаниянын алкоголдук продукциясын сатууга чектөө киргизип, “Жермук” аттуу армяндардын минералдык суусун Орусияга импорттоого жана сатууга тыюу салган.

Мындан тышкары, расмий Ереван Евробиримдикке кошулуу жараянын улантса, Орусия жаратылыш газын, мунай продукцияларын жана алмаздарды Арменияга бажы төлөмүсүз жеткирүү тууралуу келишимди токтотушу же бир тараптуу денонсациялашы мүмкүн экенин эскерткен.

Мунун баары Арменияда 7-июнда өтө турган шайлоонун алдында Москва менен Еревандын ортосундагы мамилелер болуп көрбөгөндөй курчуп турган учурга туш келди.

Орусиянын расмий өкүлдөрү Никол Пашиняндын өкмөтүн катуу сынга алып, аны Евразиялык экономикалык биримдиктеги мүчөлүктүн артыкчылыктарын сактап калууга аракет кылуу менен бирге Евробиримдикке кирүүгө умтулуп, “эки отургучта тең отургусу келип жатат” деп айыпташууда.

Орусия бийлиги көп жылдан бери кайсы бир өлкө менен алаксы начарласа, анын айрым товарларын импорттоого тыюу салып келет.

Ошол эле учурда Россельхознадзор мындай чектөөлөр фитосанитардык талаптарга гана байланыштуу киргизилерин билдирип жүрөт.

АКШ президенти Дональд Трамп буга чейин Никол Пашинянды алдыдагы парламенттик шайлоодо ачык колдой турганын билдирген.

Шерине

XS
SM
MD
LG