Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Июнь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:54

6-июндун аба ырайы: Күн күркүрөп, жаан жаайт

6-июнда түнкүсүн Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ысык-Көл облусунун кээ бир жерлеринде жаан көп жаайт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан көп жаайт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 26…31

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 26…31

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 18…23

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20°, күндүз 28…30° болот.


Шерине

XS
SM
MD
LG