Ош шаарындагы "Олигарх" ресторанындагы мушташка тиешеси бар адамдар кармалды. Бул тууралуу калаа милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 5-июндун кечинде Кара-Суу районунун тургуну өткөрүп жаткан үйлөнүү тоюна келген коноктордун ортосунда жаңжал чыгып, ал ресторандын короосунда мушташ менен коштолгон. Окуя саат 18:00 чамасында болуп, Инстаграм түйүнүнө жарыяланган.
Ыкчам аракеттердин натыйжасында тиешелүү жарандар Ош шаарынын ички иштер башкармалыгына жеткирилди. Окуяга тиешеси дагы башка адамдар такталууда.
Учурда окуя "бейбаштык" катары катталып, текшерүү иштери жүрүп жатат.
Видеотасмада пистолет кармаган жаран дагы кармалды, үн чыгаргыч тапанча алынып, тиешелүү экспертиза дайындалды. (ErN)
Шерине