Түркиядан депортацияланган 100гө жакын түркмөнстандык 8-июнда Стамбулдан Ашхабадга учуп келгенден кийин суракка алынганын «Азаттыктын» түркмөн кызматы маалымдады.
Басылманын булактарынын айтымында, Түркиядан жалпысынан 95тей адам чыгарылган. Алар Ашхабад аэропортуна келгенден кийин өз-өзүнчө бөлмөлөргө киргизилип, атайын кызматтын өкүлдөрү тарабынан суракка алынган. Маалыматка караганда, депортацияланган жарандардын уюлдук телефондору текшерилген. Алардан аппараттардын сырсөздөрүн айтууну талап кылышкан. Андан соң коопсуздук кызматкерлери жана IT адистери телефондордогу маалыматтарды, электрондук почталарды, IP-даректерди жана социалдык тармактардагы активдүүлүктү карап чыгышкан.
«Алардан Түркияда кайсы социалдык тармактарды колдонгону, кимдер менен байланышканы жана YouTube'дагы кайсы видеолорго жактыруу белгисин койгону тууралуу сурашкан», – деген «Азаттыктын» түркмөн кызматынын аэропорттогу булагы.
Ал кошумчалагандай, айрым адамдар чет өлкөдөгү оппозиция өкүлдөрү, мурдагы мамлекеттик кызматкерлер же түркмөн бийлигин сындаган адамдар менен байланышта болгон деп шектелип, сурактан кийин үйлөрүнө коё берилген эмес.
Кээ бирлери райондук коопсуздук бөлүмдөрүнө жеткирилгени айтылууда. Бирок мындай адамдардын так саны белгисиз.
«Азаттыктын бул маалыматты көз карандысыз булактар аркылуу ырастоо же төгүндөөнүн мүмкүн эместигин белгилейт. Түркмөнстандын бийлиги эмгек миграциясы, башка өлкөлөрдөн депортацияланган жарандардын саны жана чет өлкөгө кеткен калк тууралуу расмий статистиканы жарыялабайт.
Түркия Түркмөнстандын жарандары үчүн негизги эмгек миграциясынын багыттарынын бири бойдон калууда.
Көпчүлүк түркмөнстандыктар бул өлкөгө кыска мөөнөттүү визалар менен барып, кийин документтерин мыйзамдаштырууда кыйынчылыктарга туш болушат.
Шерине